Улан-Батордо Өзбекстан жана Монголиянын тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда саясый консултациялар болду. Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн келечектерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жайында Монголиянын президентинин Өзбекстанга жасала турган мамлекеттик иш сапарын талкуулашты.
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух быйылкы жылдын июнунда Өзбекстанга мамлекеттик иш сапар менен барууну пландаштырууда.
Өзбекстандын ТИМнин пресс-кызматы Улан-Батордо эки өлкөнүн тышкы саясый ведомстволорунун ортосунда кезектеги саясый консултация болгондугун билдирди.
Тараптардын делегацияларын Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Бобур Усманов жана Монголия ТИМнин башчысынын орун басары Амартувшин Гомбосурен жетектешти.
«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек-монгол кызматташтыгынын абалы жана мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Өзгөчө көңүл жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашырууну тездетүүгө, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнунда Монголиянын президентинин Өзбекстанга жасала турган мамлекеттик иш сапарына бурулду», – деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өнөктөштүктү чыңдоону иш жүзүнө ашырууга өз ара кызыкчылык тастыкталды.
Мындан тышкары маданий-гуманитардык жана туристтик кызматташууну жандандыруу боюнча сунуштар каралды.


















