Мьянманын борбордук бөлүгүндө буддисттик фестиваль маалында болгон бомба жарылуусунан болжол менен 40 адам каза болуп, дагы 80дей адам жаракат алды.
Бул тууралуу Daily Mail гезити иш-чаранын катышуучуларына шилтеме берип кабарлаганын Oxu.Az маалымдады.
Белгилүү болгондой, 6-октябрдын кечинде Чаунг-У айылында жүзгө жакын адам Тадингьют буддисттик майрамын өткөрүү үчүн чогулган. Ошол эле учурда эл аскердик хунтага каршы чоң нааразылык акциясын өткөрүүнү да пландаган. Дал ошол учурда аскерлер чогулган элдин үстүнө бомба таштаган.
Күбөлөрдүн бири билдиргендей, эл көп чогулган маалда катуу жарылуу болгон. Анын айтымында, айрым адамдар фестивалдын уюштуруучуларынын жардамы менен качып үлгүрүшкөн. Бирок көп узабай асманда параплан пайда болуп, элдин арасына эки бомба таштаган.

















