Мьянмада магнитудасы 7,7 жана 6,4 болгон эки жер титирөөнүн натыйжасында каза болгондордун саны 3 564 адамга жетти.
“Синьхуа” агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Мьянманы башкарган аскердик администрация — Мамлекеттик администрациялык кеңеш (SAC) билдирүү жасаган. Ошондой эле жаракат алгандардын саны 5 012 адамга жеткени айтылат.
Куткаруу кызматтары 200дөн ашуун дайынсыз жоголгон адамдарды издөөнү улантууда.
Мьянманын өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, Мандалай шаарында урап түшкөн имараттын астынан он адамдын сөөгү чыгарылды.
Мындан тышкары, Сингапур, Малайзия жана Индиядан келген куткаруу топтору өз ишин аяктап, мекенине кайтып кетишкени кабарланды.

















