Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

М. Маматалиев  В. Володин менен жолугушууда мигранттардын көйгөйлөрүн көтөрдү

  • Саясат
  • 27.03.2026 10:51

Loading

26-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Россияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер талкууланып, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу да сөз болду.

Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйын эки тараптуу комиссиянын, тармактык комитеттердин жана эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташып келе жатканын билдирди.

Тема боюнча

А. Касымалиев М. Мишустин менен  жолугушту

А. Касымалиев М. Мишустин менен  жолугушту

06.07.2026

Ошондой эле жолугушууда эки өлкө башчыларынын ынак мамилеси алакаларды арттырууга өзгөчө өбөлгө түзүп жатканы баса белгиленди.

«Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Энергетика, инвестиция, транспорт, өнөр-жай жана айыл чарба өңдүү приоритеттүү тармактардагы кызматташтыкты тереңдетип, маданий-гуманитардык байланыштарды да чыңдашыбыз керек», – деди Марлен Маматалиев.

Мындан тышкары, Төрага төмөндөгүдөй бир катар актуалдуу маселелерди көтөрдү:

– Коопсуз, мыйзамдуу жана тартипке салынган миграцияны камсыз кылуу;

– «Амина» санариптик каттоосун кеңейтүү;

– Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу шарттарын жакшыртуу;

– Мектепке кабыл алуудагы тестирлөөдөн кыргызстандык окуучуларды бошотуу;

– Өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүү;

– ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо, айрыкча жүк ташуучуларга тоскоолдуктарды жоюу.

«Миграция тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын кеңири түшүндүрүп бергим келет. Биринчиден, биз коопсуз, жөнгө салынган жана мыйзамдуу эмгек миграциясына, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоого кызыкдарбыз. Экинчиден, Москва шаарында жана Москва облусунда «Амина» тиркемеси аркылуу санариптик каттоону киргизүү оң натыйжасын берди, ошондуктан аны башка региондорго этап-этабы менен жайылтып, балдарды да каттоого алууну сунуштайбыз. Үчүнчүдөн, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жетүүсү дагы эле актуалдуу бойдон калууда, ошондуктан ЕАЭБдин талаптарын эске алуу менен өз ара алгылыктуу чечим табуу маанилүү. Төртүнчүдөн, орус тилинин статусун жана учурдагы практиканы эске алып, кыргызстандыктардын балдарын Россиянын мектептерине кабыл алууда тилдик тестирлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Бешинчиден, өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууда кыйынчылыктар сакталып жатат, андыктан процедураларды жөнөкөйлөтүү жана Россиядан чыгып кетпестен көзөмөлдөнгөн адамдардын реестринен чыгаруу механизмин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз. Ал эми алтынчыдан, өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана талаптарды катуулатуу сыяктуу жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн колдонулуп жаткан жеңилдиктерди сактоо, ошондой эле эл аралык жүк ташуучулар үчүн өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн узартууну колдоо маанилүү деп эсептейбиз», – деп түшүндүрдү Марлен Маматалиев.

1 of 11
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин да кызматташуунун ар кандай форматтарын колдонуу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү мындан ары да жигердүү улантуу керектигине токтолду.

«Көп жагынан эки мамлекеттин алакасындагы динамиканы өлкө башчылары аныктайт. Бирок биз дагы өз тарабыбыздан жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан колдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек», – деди Вячеслав Володин.

Мындан сырткары, «Олуттуу маселелер жаралган учурда да биз биргелешкен чечимдерди таба алдык. Ар дайым ачык диалог аркылуу мамилелерди чыңдоого умтулдук. Натыйжада өз ара ишенимге негизделген кызматташтыктын алкагында жакшы жыйынтыктарга жетишип жатабыз. Алсак, өткөн жылы эле эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 25%га өстү. Россия бул багытта Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат», – деп кошумчалады.

Расмий жолугушуу аяктагандан кийин дароо Вячеслав Володин тиешелүү тармактык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө жана ведомстволордун жетекчилерине көтөрүлгөн маселелер боюнча жыйынтыктоочу чечимдерди иштеп чыгууну тапшырды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Вячеслав Володинкыргыз-орус кызматташтыгыМамдумаМарлен Маматалиев
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Марлен Маматалиев Ирандын президенти менен алакаларды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашты

Марлен Маматалиев Ирандын президенти менен алакаларды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашты

01.09.2026
А. Касымалиев М. Мишустин менен  жолугушту

А. Касымалиев М. Мишустин менен  жолугушту

06.07.2026
Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев барды

Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев барды

03.07.2026
ЖК төрагасы М. Маматалиев Казакстандын Президенти К. Токаев менен жолугушту

ЖК төрагасы М. Маматалиев Казакстандын Президенти К. Токаев менен жолугушту

12.06.2026
ЖК төрагасы  Сауд Арабия Падышалыгынын жаңы дайындалган элчиси менен жолукту

ЖК төрагасы Сауд Арабия Падышалыгынын жаңы дайындалган элчиси менен жолукту

26.05.2026
Төрага М. Маматалиев Германиядагы мекендештер менен жолугушту

Төрага М. Маматалиев Германиядагы мекендештер менен жолугушту

20.04.2026
ЖК төрагасы М. Мамталиев Германияда бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү

ЖК төрагасы М. Мамталиев Германияда бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү

18.04.2026
ЖК төрагасы 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнүн айтты

ЖК төрагасы 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнүн айтты

02.04.2026
 С. Жапаров жана В. Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

 С. Жапаров жана В. Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

27.03.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.