Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 11-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Лидерлер өзбек-орус мамилелерин өнүктүрүүнүн, стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын негизги маселелерин талкуулашты.
Орусия президентинин май айындагы Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Бекитилген “жол картасынын” алкагында тараптар биргелешкен демилгелерди илгерилетүүнү талкуулашты.
Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын акыркы жыйынынын жана Москвада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жогору бааланды. Президенттер өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу боюнча иштерди активдештирүү, өнөр жай, энергетика, транспорт жана айыл чарба тармактарында кызматташуу долбоорлорун тездетүү, ошондой эле аймактык жана бизнес деңгээлинде байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Лидерлер инновациялар, жасалма интеллект, билим берүү жана медицина тармагында кызматташууну күчөтүүнү баса белгилешти. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Орусияда Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү ийгиликтүү деп аталды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде декабрь айындагы саммитке даярдыктар боюнча пикир алмашуу болду.


















