Бүгүн, 26-июнда Минск эл аралык көргөзмө борборунда IV Евразиялык экономикалык форуму ачылды.
Анын негизги темасы – “Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиясы: натыйжалар жана перспективалар”. Иш-чара ЕАЭБ мамлекет башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына карата уюштурулууда.
Маалыматты belta.by маалымат агенттиги жеринен кабарлоодо.
Иш-чаранын ачылыш аземине Беларустун премьер-министри, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин төрагасы Александр Турчин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Александр Турчин мындай масштабдуу эл аралык иш-чара өкмөттүн, бизнестин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү пикир, тажрыйба алмашып, ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында биргелешкен көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издеген уникалдуу аянтча экенин белгиледи.
“Беларусь соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө, бардык мамлекеттер менен кызматташуунун өз ара пайдалуу моделин курууга умтулууга негизделген тышкы саясатында экономикалык дипломатияны биринчи орунга коёт. Ушул принциптердин негизинде ЕАЭБ алкагында интеграциялык өз ара аракеттенүү да курулган. Ал акыркы 10 жыл ичинде байкаларлык натыйжаларды алып келди жана Беларустун бардык мүчө-мамлекеттери үчүн маанилүү өнүгүү куралы болуп калды”,- деди Турчин.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев форум ачык диалог үчүн олуттуу эл аралык аянтчага айланып баратканын баса белгиледи.
“Форум жылдан жылга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулугу менен мамлекеттик органдарынын ачык диалогу үчүн маанилүү аянтчага айланып баратат”, – деди Сагинтаев.
Евразия экономикалык форуму — Евразия экономикалык бирлигинин жыл сайын өтүүчү ишкердик иш-чарасы. Ал азыркы учурда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылган ЕАЭБ мамлекетинде кезеги менен өткөрүлөт.
Иш-чарага ЕАЭБ мамлекеттеринин катышуучуларынан тышкары 26 өлкөнүн өкүлдөрүнүн: Индия, Монголия, Мьянма, Кытай, Египет, Өзбекстан, Куба, БАЭ, Пакистан, Иран, Италия, Азербайжан жана башкалар катышууда.
Кошумчалай кетсек, Беларустун президенти Александр Лукашенконун чакыруусу менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-июнда Минск шаарында иш сапары менен болушат.
Бул тууралуу эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйынга эки президенттен тышкары Евразия экономикалык биримдигине мүчө жана байкоочу болгон мамлекеттердин лидерлери, ошондой эле чакырылган ардактуу коноктор катышат.
















