Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

  • Илим
  • 29.05.2026 11:36

Loading

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  28-майда, Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жасалма интеллект технологиялык өнүгүүнүн гана эмес, мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн институционалдык жаңылануунун да маанилүү куралы боло аларын белгиледи.

Президент белгилегендей, форумдун “ЕАЭБ глобалдык санариптик жарышта: жасалма интеллектке басым жасоо” деген темасы бүгүнкү күндө катышуучу мамлекеттердин экономикасы менен коомунун эртеңки багытын аныктап жатат.

Тема боюнча

Иран ЕАЭБди биргелешип өнүгүү үчүн эң маанилүү аянтчалардын бири деп эсептейт

Иран ЕАЭБди биргелешип өнүгүү үчүн эң маанилүү аянтчалардын бири деп эсептейт

03.10.2026

“Жасалма интеллект мындан ары IT тармагына гана тиешелүү тар чөйрөдөгү курал эмес – бул жаңы реалдуулук.

Мамлекет башчылары катары биз күн сайын миллиондогон жарандарыбыздын коопсуздугу, туруктуулугу жана бакубаттуулугу үчүн жоопкерчиликти моюнга алабыз. Бүгүн технологиялардын тез арада өнүгүп жатканына күбө болуп, ар бирибиз бул эбегейсиз ресурс өлкөлөрүбүздү чет элдик санариптик технологиялар менен алгоритмдердин пассивдүү керектөөчүсүнө айландырбастан, тескерисинче, биздин эгемендүүлүгүбүздү бекемдешине кантип кепилдик бере алабыз деген фундаменталдуу стратегиялык суроого туш болуп жатабыз”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент акыркы жылдары Кыргызстанда заманбап санариптик мамлекеттик экосистеманы түзүү боюнча кеңири иштер жүргүзүлгөнүн айтты. Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси күчүнө кирип, маалыматтарды жөнгө салуудан тартып санариптик идентификацияга, инновациялык технологиялар менен жасалма интеллектти киргизүүгө чейинки бирдиктүү укуктук негиз түзүлгөн.

Мамлекет башчысы ошондой эле мамлекеттик булуттук инфраструктура – G-Cloud өнүгүп жатканын жана мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосундагы санариптик байланыштын негизги платформасына айланган, мамлекеттик органдардын электрондук өз ара аракеттенүү системасы болгон “Түндүк” платформасы мындан ары да жаңыланып жатканын билдирди. Акыркы бир жыл ичинде системадагы операциялардын саны бир нече эсеге өстү. Бул адамдардын жумуш убактысынын үнөмдөлүшүнө жана жарандар менен ишкерлер үчүн чыгымдардын кыйла азайышына алып келди.

Садыр Жапаров өлкөдө мамлекеттик башкаруунун философиясы өзгөрүп жатканын баса белгиледи.

“Бир нече жыл мурда мен мамлекеттик кызматтарды жана башкарууну санариптик форматка өткөрүү тапшырмасын койгом. Ал кезде бул көпчүлүк үчүн өтө татаал маселе болуп көрүнгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жараны бир дагы мамлекеттик органга барбастан эле уюлдук телефон аркылуу эле кыймылсыз мүлктү кайра каттатып, маалымкат алып же документтерди тариздей алат. Бир караганда бул жөн гана ыңгайлуулук сыяктуу көрүнөт. Иш жүзүндө бул мамлекеттин ачыктыгынын таптакыр жаңы архитектурасы”,- деди Мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстан бюрократиялык жол-жоболорду ырааттуу кыскартып, процесстерди санариптик форматка өткөрүп, адам факторун азайтып жатканын, ал эми жасалма интеллект бул өзгөрүүлөрдүн стратегиялык инструменти болуп калганын белгиледи.

Мамлекет башчысы конкреттүү мисал катары айдоочулук күбөлүк алуу системасындагы реформаны келтирди. Анын алкагында экзамен процессине жасалма интеллектке негизделген көзөмөлдөө куралдары киргизилип, субъективдүү кийлигишүүгө жол берилбей калды.

“Бул түздөн-түз жол коопсуздугун жогорулатат”, – деп белгиледи Президент.

Сөзүндө өзгөчө көңүл жасалма интеллектти фискалдык системага киргизүүгө бурулду.

Андан соң Мамлекет башчысы Кыргызстанда “AI-Күзөт” платформасы ийгиликтүү ишке киргизилип жатканын айтты. Бул мультиагенттик жасалма интеллектке негизделген жаңы муундагы интеллектуалдык салыктык талдоо системасы.

Система алдамчылык операцияларды жана баа менен товардык көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктарды аныктайт, Кыргыз Республикасынын ичиндеги жеткирүү чынжырларын талдайт жана тобокелдикке багытталган салык төлөөчүлөрдүн профилдерин түзөт.

“Мурда кол менен талдоого айлар талап кылынса, бүгүн алгоритм иштеп жатат”- деди Садыр Жапаров.

Ушуга окшош ыкмалар бажы тармагында да колдонулууда. Жасалма интеллект документтерден маалыматтарды чыгарып, товарларды тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн номенклатурасы боюнча классификациялоого жардам берүүдө.

Президент жасалма интеллект мамлекеттик процесстердин ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыздоодогу эң натыйжалуу инструменттердин бири боло аларына ишеним билдирди.

“Коррупция чечимдер ачык эмес кабыл алынган жерде пайда болот. Субъективдүү чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон жерде орун алат. Санариптик алгоритмдер процесстерди объективдүү жана коом тарабынан көзөмөлдөнө тургандай кылат”, – деди Садыр Жапаров.

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы санариптик эгемендүүлүктү камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Өз маалыматтарын башкара албаган адам өз келечегин да башкара албайт. Ал эми тышкы инфраструктурага, алгоритмдерге жана коргоо системаларына көз каранды болгон мамлекет ар дайым алсыз бойдон калат. Ошондуктан Кыргызстан улуттук жасалма интеллект чечимдерин өнүктүрүүгө басым жасап жатат”, – деди Президент.

Садыр Жапаров ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жасалма интеллект тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

“Биздин өлкөлөрдү терең тарыхый жалпылык, күчтүү илимий салттар жана орток экономикалык кызыкчылыктар бириктирет. Биргелешкен моделдерди иштеп чыгууда, жалпы эсептөө кубаттуулуктарын жана дата-борборлорду түзүүдө күч-аракетибизди бириктирсек, биз жөн гана колдонуучу эмес, глобалдык санариптик күн тартибинин толук кандуу архитекторлору боло алабыз”, – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстан билим берүү тармагына ырааттуу инвестиция салып, бул багытта реформаларды жүргүзүп жатканын да айтты.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык мектептер жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулган. Университеттерде жасалма интеллект, санариптик укук жана заманбап IT багыттары боюнча программалар ачылууда. Эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн санариптик компетенциялар борборлору түзүлүүдө.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Чыгыштын көрүнүктүү ойчулу Жусуп Баласагындын “Илим менен акыл – бардык иштин негизи” деген сөзүн келтирди Президент.

Мамлекет башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы ишеним, жалпы тажрыйба жана стратегиялык өнөктөштүк санариптик келечекке карай ийгиликтүү жолду биргелешип курууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ЕАЭБжасалма интеллектЖИС. Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

К. Токаев бүгүн Казакстан элине  кайрылуу жасайт

К. Токаев бүгүн Казакстан элине кайрылуу жасайт

28.10.2026
Иран ЕАЭБди биргелешип өнүгүү үчүн эң маанилүү аянтчалардын бири деп эсептейт

Иран ЕАЭБди биргелешип өнүгүү үчүн эң маанилүү аянтчалардын бири деп эсептейт

03.10.2026
Рим папасы Лев XIV: Жасалма интеллектке байланыштуу кооптонууларга олуттуу мамиле кылуу зарыл

Рим папасы Лев XIV: Жасалма интеллектке байланыштуу кооптонууларга олуттуу мамиле кылуу зарыл

30.09.2026
АКШ Борбор Азияга ЖИни өнүктүрүүгө миллиондогон доллар бөлдү

АКШ Борбор Азияга ЖИни өнүктүрүүгө миллиондогон доллар бөлдү

29.09.2026
Билл Гейтс: Жасалма интеллект «миллиард адамдын өлүмүнө» алып келиши мүмкүн

Билл Гейтс: Жасалма интеллект «миллиард адамдын өлүмүнө» алып келиши мүмкүн

26.09.2026
А. Касымалиев КЭРдин Ханчжоу шаарында Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты

А. Касымалиев КЭРдин Ханчжоу шаарында Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты

24.09.2026
ТАССтын директору дезинформацияны аныктоо үчүн жасалма интеллектти колдонуу зарылдыгын билдирди

ТАССтын директору дезинформацияны аныктоо үчүн жасалма интеллектти колдонуу зарылдыгын билдирди

22.09.2026
Дүйнө лидерлери жасалма интеллектти көзөмөлгө алууну сунушташты

Дүйнө лидерлери жасалма интеллектти көзөмөлгө алууну сунушташты

22.09.2026
БУУ ЖИнин өнүгүшүнө байланыштуу коркунучтарды реалдуу деп атады

БУУ ЖИнин өнүгүшүнө байланыштуу коркунучтарды реалдуу деп атады

16.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.