Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

МинКабда Бишкектеги ыштын келип чыгуу себептери талкууланды

  • Экономика
  • 31.12.2024 11:50

Loading

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилген 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралар планынын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрүлдү.

Отурумга катышкан тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, банктардын, ошондой эле ишканалардын жетекчилери катышып өз тармактарындагы – маселен, калкты жогорку сапаттагы көмүр менен камсыз кылуу, Бишкек жылуулук борборунун от казандарын жаратылыш газына өткөрүүнү даярдоо, Бишкек шаарынын калктуу конуштарын жана анын айланасындагы аймактарды газдаштыруу, унаалардын катализаторлорун текшерүү иштеринин жүрүшү, коомдук транспортторду экологиялык түргө өткөрүү сыяктуу иштердин аткарылып жаткандыгы тууралуу учкай маалымат беришти.

Маалым болгондой, мамлекеттик банктар тарабынан “Элдик Банк” ААКсы, “Айыл Банк” ААКсы үйүнө жаратылыш газын киргизүүнү каалаган жарандарга жеңилдетилген шартта насыя берүүнү активдүү улантып жатканын билдирсе, ал эми “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы газдаштыруу системасына кире турган аймактар жакынкы төрт жыл ичинде толук газдаштырылаарын кошумчалады.

Тема боюнча

Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

26.10.2026

Б. Төрөбаев жыйынга катышкан тиешелүү мамлекеттик органдардардын жетекчилерине абаны тазартууга багытталган иш-аракеттерди мындан ары күчөтүүнү тапшырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Анда Б. Төрөбаев, Финансы министрлиги, Энергетика министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы газдаштыруу боюнча өз алдынча План иштеп чыгууну, Саламаттык сактоо министрлиги ыштын таасиринен улам келип чыгуучу оорулардын методологиясын иштеп чыгуу, абанын сапатын текшерген датчиктерди жеткиликтүү деңгээлде коюлушу, Бишкек мэриясы ишкердик субъекттерди текшерүүсүн күчөтүү, Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдө өз алдынча газ казандарынын болушун көзөмөлдөө, мамлекеттик банктарга газдаштырууну каалаган жарандар үчүн алардын документтерин кабыл алууда жөнөкөйлөштүрүү, Энергетика министрлигине күн панелдерин орнотууну күчөтүү, ошондой эле Кыргызстанга сырттан алынып келген унаалардын катализаторлору текшерилгенден кийин гана бажыдан өткөрүлүшү керек деген сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Жогоруда айтылган тапшырмалардын негизинде активдүү иштер жүргүзүлүшү керектигин айткан МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, аткарылган иштер боюнча бир айдан кийин отурум болоору жана анын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине баа берилээрин билдирди.

Соңку күндөрү айрыкча Бишкек шаарында абанын булганышы кызуу талкууланып, бул маселе парламентте да көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Бишкекте “кара түтүн жылдан-жылга азайып жатканын” белгилеп, өкмөт бул багытта бир катар көйгөйлөрдү чечкенин айткан. Кулматовдун мындай билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкса, 27-декабрда 40-сапта турат.

Баш калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.
Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: БишкекБишкектин конуштарын газдаштырууЫшЭкология
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Райондор менен облустар жоюлуп, ордуна аймактар түзүлөт

Райондор менен облустар жоюлуп, ордуна аймактар түзүлөт

27.10.2026
Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрдан тарта бериле баштайт

26.10.2026
Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

23.09.2026
Борбордук Азия өлкөлөрү жерлерди калыбына келтирүү жана чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча демилгелерин сунушташты

Борбордук Азия өлкөлөрү жерлерди калыбына келтирүү жана чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча демилгелерин сунушташты

27.08.2026
Жасалма жаан:  Глобалдык куткаруучубу же экологиялык кырсыкпы?

Жасалма жаан:  Глобалдык куткаруучубу же экологиялык кырсыкпы?

27.08.2026
Бишкекте ири соода борборлору, базарлар жана жер астындагы өтмөктөр убактылуу жабылат

Бишкекте ири соода борборлору, базарлар жана жер астындагы өтмөктөр убактылуу жабылат

19.08.2026
Кургап калган Арал деңизинин түбү атмосферага жүздөгөн миллион тонна CO₂ бөлүп чыгарууда

Кургап калган Арал деңизинин түбү атмосферага жүздөгөн миллион тонна CO₂ бөлүп чыгарууда

18.08.2026
К. Бакиров: “Европада акыркы он жылдыктардагы эң оор кургакчылык башталды”

К. Бакиров: “Европада акыркы он жылдыктардагы эң оор кургакчылык башталды”

18.08.2026
ЕӨБ: Борбордук Азиянын электр тармактарындагы жоготуулар 20%га жетти

ЕӨБ: Борбордук Азиянын электр тармактарындагы жоготуулар 20%га жетти

01.07.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.