Окуучулар Нооруз майрамынан тарта эс алышат.
Өлкөдө мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 21-мартта башталып, 11 күнгө созуларын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
“Тагыраагы, каникул 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар 21-марттан 24-мартка чейин төрт күн катары менен эс алат.
Жаздын келишин кабарлаган Нооруз майрамына байланыштуу 21-март календарда кызыл менен белгиленген. 22-марттагы жумуш күнү 8-апрелге жылдырылат. Ал эми 23 жана 24ү дем алыш күндөргө туура келет.



















