Мындан ары айыл өкмөттөрдөн баштап, жогорку бийликке чейинки мамлекеттик мекемелер алдын ала түзүлгөн стратегиялык пландын негизинде иш жүргүзүшөт. Бул боюнча 27-сентябрда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда талкуулап, колдоого алды.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары С. Айжигитов, Н. Кадырбеков, З. Мамасадыков, В. Раимбачаева, Д. Ашимова, Н. Шакиев, М. Маматалиев, Д. Төлөнов, М. Темирбаева, А. Малиев, Ж. Нурбаев, Ч. Ажибаев, А. Айдарова, Н. Алимжанова, А. Абдибаева, А. Маткеримов, Исатбек кызы А, Р. Жакышов, Э. Жамгырчиев, М. Сарбагышев.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун укуктук негиздерин түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык стратегиялык башкарууну жана бюджеттик саясатты, республикалык мамлекеттик органдардын, облустардагы жана райондордогу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, алардын стратегиялык пландоо жаатындагы коомдук, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн координациялоого багытталган.
Мыйзам долбоору күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде стратегиялык пландоо документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү мөөнөттөрүн камтыган, стратегиялык пландоо документтерин даярдоонун планы түзүлүүгө тийиш. 18 айдын ичинде стратегиялык пландоо документтеринин ишке ашырылышына мониторинг жана контролду жүзөгө ашыруу тартибин аныктаган жоболор даярдалышы шарт. 30 айдын ичинде республиканын стратегиялык болжолу, 42 айдын ичинде Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы жана илимий-техникалык өнүгүүнүн болжолу иштелип чыгышы зарыл.
Талкууда депутат Жалолидин Нурбаев стратегиялык пландын жоктугунан учурда иштер алдыга жылбай жатканын айтып, мыйзам долбоорун ишке ашыруу менен бул кемчиликтерди жоюуга өбөлгө жаратарын кошумчалады. Депутат Нуржигит Кадырбеков мыйзам долбоору жетекчилердин пландуу иштөөсүнө шарт жаратарын белгиледи.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат С. Айжигитовдун айтуусунда, пландоо системасы аркылуу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткарган жана аткара турган иштеринин ачык картинасы так, даана көрүнүп турат.
– Кандай гана ишти алга жылсын, – десек анын пландалышы шарт. Микроэкономикада бир аз пландоо болгону менен, дээрлик макроэкономиканын алкагында пландоо багыты жетишсиз болуп жатат, – деди депутат маселенин актуалдуулугуна токтолуп.
Ошондой эле С.Айжигитов, – “Мамлекеттик өнүгүү программаларынын жол карталарынын ишке ашырылуусу жакшы, бирок ал стратегиялык план менен коштолгондо анын жыйынтыгы алдаканча жакшы болмок. Анткени, стратегиялык пландоодо кызыкчылыктардын тең салмактуулугу, ишке жоопкер тараптардын бири-бири менен өз ара кызматташуусу бекемделмек. Коррупциялык элементтерди азайтууга негиз бермек”, – деп кошумчалады.
Аталган мыйзам күчүнө киргенден кийин ар бир мамлекеттик мекеме өзүнүн белгиленген мөөнөттөгү планын иштеп чыгып, анын негизинде иш жүргүзөт. Ошондой эле алардын иш планы санариптештирилип, ачык боло баштайт. Бул өз кезегинде коррупцияга бөгөт коёт. Себеби алардын аткарган иши ачык жана так жазылып турат.