Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ээлеген кызматынан бошотулуп мамлекеттик катчы болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 71-беренесине ылайык Иманкулов Марат Муканович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды”, -деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекеттик катчы кызматын аркалап келген Сүйүнбек Касмамбетов Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Касмамбетов күн мурун иштен кетүү боюнча чечим кабыл алганын айткан. Ал бул кызматта 2021-жылдын октябрынан тарта эмгектенип келген.



















