Франциянын президенти Эммануэль Макрон France 5 телеканалына берген маегинде, Париж ушул жайда Палестинаны мамлекет катары тааный турганын ыктымалдуу деп билдирди.
«Биздин максат – июнь айларында Сауд Аравиясы менен бирге төрагалык кылып, бир нече мамлекеттердин бири-бирин таануусун аягына чыгаруу мүмкүн болгон конференция өткөрүү», — деп белгиледи Франциянын президенти.



















