Венесуэланын президенти Николас Мадуро Израилдин Иранга жасаган чабуулун кескин айыптап, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Адольф Гитлер менен салыштырды. Ал Батыш өлкөлөрүнүн унчукпай отурганын да сынга алып, бул кагылыш дини эмес, геосаясий мүнөзгө ээ экенин жана Батыш мурдагы каталарын кайталап жатканын белгиледи.
2025-жылдын 14-июнунда сүйлөгөн сөзүндө Венесуэланын президенти Мадуро Израилдин Иранга каршы чабуулун «кылмыш» деп атады жана премьер-министр Нетаньяхуну «XXI кылымдагы Гитлер» деп мүнөздөдү. Ал бул салыштыруусу менен Экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагы абалга окшоштук жаратты.
Анын айтымында, ошол кезде Батыш өлкөлөрү – Британия, Франция жана АКШ – Гитлерди СССРге каршы көкүтүшкөн, ал эми бүгүн Батыш дал ушундай эле колдоону Нетаньяхуга көрсөтүп жатат. «Ошол учурда Европада Гитлерди колдошкон, азыр болсо Батыш Нетаньяхуну колдоодо», — деди Мадуро.
Ал Израилдин Ливан, Сирия, Йемен жана Газа тилкесине жасаган аскерий интервенцияларын эскерип, дүйнөлүк борборлордун унчукпай жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. «Берлин, Париж, Лондон жана Вашингтон эмне ойлоп жатышат? Алар чындап эле “XXI кылымдагы Гитлерди” колдоону уланта бергиси келеби?” — деп суроо салды Мадуро.
Мадуро ошондой эле Нетаньяхунун еврейлигине шек келтирип, анын теги белгисиз экенин айтып өттү: «Бүгүн бийликте турган Нетаньяху чыныгы еврей эмес. Анын теги Польшадан экен», — деди ал.
Мындан сырткары, Мадуро Израил менен Ирандын ортосундагы кагылыш диний эмес экенин баса белгилеп: «Бул диний эмес, геосаясий кагылыш. Израил мамлекети түзүлгөн күндөн тартып, максаты – Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азияны басып алуу, алардын байлыктарын тартып алуу жана калктарын колония кылуу болгон», — деп кошумчалады. «Бул сионисттик долбоор ‘Иордандан Евфратка чейин жана андан ары да’ деп айтылып келет», — деди ал.
2025-жылдын 12-13-июнунун түнүндө Израиль «Көтөрүлүп жаткан арстан» деген аталыштагы операцияны баштап, Ирандын өзөктүк жана аскердик объектилерине ири авиациялык чабуул жасаган. Бул чабуулдар Тегеран, Натанз, Хорремабад, Керманшах, Карадж жана Хамадан шаарларына багытталган. Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун айтымында, максат – Ирандын өзөктүк программасын «кайтпас чекитке» жетүүдөн мурда токтотуу. Өз кезегинде Иран өч алууну убада кылып, АКШны Израилге «жашыл жарык» берген деп айыптаган.

















