Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Иранды колдогону үчүн күрт элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
«Бул тарыхый күндөрдө Иранды колдогон Курдистандын сыймыктуу жана ардактуу элине терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул окуяларда курман болгон шейиттердин жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнүн кайгысын тең бөлүшөм. Коопсуздуктун кепилдиги болгон губернатор жана куралдуу күчтөр ар кандай сепаратисттик аракеттерге чечкиндүү каршы турушу керек», — деп белгиледи ал.
Ирандын президентинин бул билдирүүсү АКШ Иранга каршы кургактагы басып кирүүнү ирандык күрт куралдуу топторунун жардамы менен уюштурууну пландап жатат деген талкуулар күчөгөн маалда өзгөчө мааниге ээ.
Буга чейин Axios басылмасы ушул жуманын ичинде күрт куралдуу топтору Иранга кургактагы чабуул башташы мүмкүн экенин жазган. Маалыматка ылайык, аскердик операция башталардан алты күн мурда ирандык беш күрт уюму Тегерандагы бийликке каршы күрөшүү үчүн «Иран Курдистанынын саясий күчтөрүнүн коалициясын» түзгөнүн жарыялаган.
Акыркы жумаларда алар Ирактын аймагынан Иран менен чек арага жүздөгөн мүчөлөрүн өткөрүп, Ислам революциясынын сакчылары корпусунун күчтөрүнө каршы чабуулга даярдык көрүп жатышканы айтылат.
Ирандагы күрт куралдуу топторун колдоо жана аларды Ирактан Иранга кургактагы чабуул жасоодо колдонуу идеясы алгач Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана «Моссад» чалгын кызматы тарабынан сунушталган. Кийинчерээк бул аракеттерге БЧБ да кошулган.















