Алардын арасында анын эң катаал саясий атаандашы Николай Статкевич да бар. Бирок ал Беларустан кетүүдөн баш тартты.
Беларуста 52 саясий туткун бошотулду. Алардын арасында журналист жана блогер Игорь Лосик, философ Владимир Мацкевич, анархист Николай Дедок, активист Дмитрий Дашкевич, ошондой эле «Белсат» телеканалынын бир нече журналисти жана 14 чет элдик жаран бар. Белорус ЖМКлары жана укук коргоочулар бардык бошотулган адамдардын ысымдарын аташты, бирок оппозиция лидери Светлана Тихановскаянын кеңсеси алардын ким экендиги толук тастыктала электигин билдирди.
Башка туткундардын арасында Николай Статкевич да бошотулду — ал Лукашенконун эң принципиалдуу атаандаштарынын бири. 69 жаштагы Статкевич 1990-жылдардан бери оппозицияда. Ал 2010-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болуп чыккан, андан кийин нааразылык акцияларын уюштурганы үчүн алты жылга кесилген. Статкевич кечирим суроодон баш тарткан, бирок Лукашенко 2015-жылы аны «саясий бейпилдик» учурунда мөөнөтүнөн мурда бошоткон. 2020-жылдагы президенттик шайлоого Статкевичти катыштырбай коюшкан, ал Тихановскаяны колдогон. Добуш берүүдөн бир нече ай мурун аны кармап, кайра нааразылык уюштурганы үчүн айыптап, бул жолу 14 жылга кесишкен. Акыркы эки жарым жыл Статкевич байланышка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, толугу менен обочодо кармалып турган.
Лукашенко бошотулган саясий туткундарды Литвага депортациялоо чечимин кабыл алды. Статкевич кетүүдөн баш тартты. «Наша нива» басылмасынын маалыматы боюнча, ал туткундарды чыгарган «Каменный Лог» көзөмөл-өткөрмө пунктунун нейтралдуу тилкесинде калган. «Белсат» жазгандай, айрым бошотулган адамдар да Беларустан кеткиси келбейт. Кийинчерээк белорус ЖМКлары «Каменный Лог» пунктундагы камерадан тартылган сүрөттү жарыялап, анда Статкевич нейтралдуу тилкеде отурганы көрүнүп турат. Литванын чек арачыларына таянган LRT телеканалы алгачкы сүрөттөр жарыялангандан бир нече саат өткөндөн кийин бир туткун нейтралдуу тилкеден чыгып, кайра Беларусь аймагына кеткенин билдирди. Белорус басылмалары бул Статкевич болушу мүмкүн экенин жазышты. Калган туткундар Литва чек арасынан өткөнү айтылууда.
Саясий туткундардын бошотулушу Лукашенконун Ак үйдүн өкүлү Жон Коул менен жолугушкан күнү болду. Коул мурда Дональд Трамптын адвокаты болгон, азыр болсо анын Украина боюнча атайын өкүлүнүн жардамчысы. Коул менен жолугушууда Лукашенко саясий туткундарды катыштырган «келишим» сунуштаган («Эгер Дональд аларды алып кетүүгө даяр болсо, глобалдык келишимди иштеп чыгууга аракет кылабыз»), бирок ошол эле учурда алардын бар экенин четке каккан («Бизде мындай [саясий] беренелер Жазык кодексинде жок»).
Коулдун айтымында, АКШ «Белавиа» авиакомпаниясына карата санкцияларды алып салат жана Минскиде элчиликти кайтаруу маселесин карайт. Ал АКШ «Беларусь менен мамилени нормалдаштырууну абдан каалап жатат» деп билдирди. «Эгер биз башка камалган адамдар боюнча туура чечимдерге келсек, нормалдашуу жолунда көп нерсеге жетишебиз», — деди Коул.
«Белавиа» кайра Батышка уча баштайбы?
Саясий туткундар Лукашенко 31 жылда биринчи жолу (!) АКШ президенти менен сүйлөшкөндөн бир ай өткөндө бошотулду. Дональд Трамп ага 15-августта, Аляскага баратып чалып, кийин Путин менен жолугушкан. Трамптын айтымында, алар ошол жолугушууну жана саясий туткундардын бошотулушун талкуулаган. Бул Лукашенко үчүн Батыш менен беш жылдык дипломатиялык изоляцияны бузган олуттуу кадам болду — АКШ президенти демилге көтөрүп, аны «терең урматталган президент» деп атаганы өзгөчө маанилүү болду (АКШ акыркы шайлоонун жыйынтыгын тааныбаганына карабастан).
Буга чейин Лукашенко эң белгилүү оппозиционерлердин бири — Сергей Тихановскийди бошоткон. Ал АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кейт Келлог келген күнү эркиндикке чыккан. Аналитиктердин баамында, Вашингтон Минск менен байланышты күчөтүп жатат, анткени Лукашенко өзүн Путин менен байланышта натыйжалуу ортомчу катары көрсөтүүгө аракет кылууда жана саясий туткундарды бошотуу аркылуу Батышка ийкемдүүлүгүн көрсөтүп жатат (бул Трамптын адам укуктарын коргоочу катары кадыр-баркын көтөрүшү мүмкүн).
2020-жылдагы нааразылыктардан кийин Беларусдагы саясий туткундардын саны 1500гө чейин жеткен. Лукашенко аларды 2024-жылдан тарта акырындык менен бошотуп баштаган. Эксперттер муну Батышка жагынуу жана санкцияларды алдыруу аракети катары баалашкан. 2024-жылдын жайынан бери Лукашенко 300дөн ашуун адамды кечирген, бирок эң белгилүү оппозиционерлердин арасында жок болчу (Тихановскийге чейин), айрымдарынын мөөнөтү деле бүтүп калган эле. Мындан тышкары, Беларуста 2020-жылдагы нааразылыктардан улам репрессиялар дагы эле токтогон жок. Бирөөлөрдү бошотуп жатып, Лукашенко башкаларды камап, жаңы өкүмдөрдү чыгарып жатты. Бүгүн гана «Вясна» укук коргоо борбору Беларуста дагы сегиз жаңы саясий туткун пайда болгонун жарыялады.
Беларуста азыр да миңден ашуун адам «саясат үчүн» түрмөдө отурат. Алардын арасында 2020-жылдагы оппозиция лидерлери (Виктор Бабарико, Мария Колесникова, Максим Знак ж.б.), журналисттер (Tut.by сайтынын башкы редактору Марина Золотова) жана укук коргоочулар (Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алесь Беляцкий) бар. Саясий негизде камалгандар оор шарттарда кармалат, туугандары менен жолугууга, нормалдуу тамакка жана медициналык жардамга мүмкүнчүлүк берилбейт, кээде жаңы кылмыш иштери козголуп, боштондукка чыгууга жол берилбейт. 2020-жылдан бери Беларус түрмөлөрүндө кеминде тогуз саясий туткун каза болду.



















