Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак айылында үстүбүздөгү жылдын башынан бери 7 аял өз өмүрүнө кол салып, алардын бешөө каза болгон. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын айтымында, суициддин себептери белгисиз.
«Жергиликтүү милиция бул иштер боюнча иликтеп чыкканда, аялдардын келин болуп түшкөн үйлөрүндө социалдык жактан кыйынчылык бар экени жана жолдоштору сыртка мигрант болуп чыгып кеткендиги аныкталган. Өлүмдүн так себеби белгисиз», — дейт милиция.
Каза болгон аялдардын эң жашы 20, ал эми эң чоңу 43 жашта болгон.
Белгилей кетсек, бул маселени Жогорку Кеңеште депутат Жанарбек Акаев көтөрүп чыгып, айылда бир үйдө 6-7 үй-бүлө жашарын айтып, жер бөлүп берүүнү сунуштаган.
Лейлек акимиатынын маалыматында, район боюнча 17 миңге жакын жаран жер алуу үчүн кезекте турат. «Бул маселе баардык айылдарда курч», — дейт жергиликтүү бийлик.
Акимиаттын маалыматында, Андарак айылында жашаган жарандардын жарымы тажик тектүүлөр.





















