2023-жылдын 7-октябрынан бери израилдик аскерлердин арасындагы өз жанын кыйгандардын саны 45ке жетти.
Газадагы кагылышууларда курман болгон израилдик жоокерлерди таануу иштерине тартылган резервдеги аскер өз үйүндө өз жанын кыйды.
Haaretz басылмасы кабарлагандай, Ариэль Меир Таман аттуу резервист 28-июлда түштүк Израилдеги Офаким шаарындагы үйүндө өзүнө кол салган.
Таман Газадагы согуштук аракеттерде курман болгон израилдик жоокерлердин сөөктөрүн идентификациялоо менен алектенип келген.
Басылма Израил армиясындагы өз жанын кыйган учурлардын саны 2023-жылдын 7-октябрындагы Газага карай башталган чабуулдардан кийин кескин өскөнүн белгилейт.
Маалыматка ылайык, ушул айда кызмат өтөп жаткан алты аскер өз өмүрүн кыйган. Жалпысынан алганда, 7-октябрдан бери 45 аскер өз жанын кыйган.


















