Легендарлуу боксчу Майк Тайсон Ташкентке келгенин, өзбек ЖМКлары жазышты.
Тайсон Өзбекстандын борборунда өтө турган профессионалдык бокс боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу уюмдардын бири – Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) 61-конвенциясына катышат. Иш-чарага катышууга 100дөн ашык өлкөдөн делегаттар келген. Алардын катарында Тайсондон тышкары дүйнөлүк бокс жылдыздары Эвандер Холифилд, Костя Цзю, Амир Хан, Хулио Сезар Чавес жана башка профессионалдар бар.
Майк Тайсон Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) президенти Маурисио Сулейман, Өзбекстандын профессионалдык бокс федерациясынын биринчи вице-президенти Гафур Рахимов, дүйнөлүк бокс жылдызы Эвандер Холифилд, ошондой эле бүгүн жергиликтүү аренада күч сынай турган боксчулар менен бирге конференцияга катышты.
Профессионалдык бокс дүйнөсүндө мындай масштабдуу иш-чара Өзбекстанда эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин WBC конвенциялары АКШда, Европа өлкөлөрүндө, Мексикада, Таиландда жана Японияда уюштурулуп келген. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен иш-чараны буга чейин Баку менен Москва өткөрүшкөн.
Алдыдагы WBC 61-конвенциясынын күн тартибинде профессионалдык бокска байланыштуу бир катар маселелерди талкуулоо, андан тышкары билим берүү, допинг, калыстык кылуу, эл аралык кызматташтык, бокстун эрежелери, рейтингдер, чемпиондук курлар, кайрымдуулук жана коомдук демилгелер боюнча талкуулар бар.
Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө борбор калаадагы Humo Arena спорт комплексинде профессионалдык бокстун чоң кечеси өтөт.



















