Батыш мамлекеттеринин блогуна кирген өлкөлөр массалык нааразылык акцияларын уюштуруу менен өлкөнүн ичинде келишпестик жаратууну жана Грузияда бийликти алмаштырууну талап кылууда.
Бул тууралуу КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин 20-жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
«Жамааттык Батыш ички чыр-чатактарды, чыңалуунун очокторун козгойт жана ар кандай ыплас геосаясий технологияларды – ири масштабдуу маалыматтык согуштарды уюштуруудан баштап, азыр Грузияда жасоого аракет кылып жаткандай түстүү революцияларды түз чыгарууга чейин көздөөдө», – деди министр.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы белгилегендей, Батыш «дүйнөлүк Түштүк жана глобалдык Чыгыш мамлекеттериндеги ички саясий кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн» бейөкмөт уюмдардын кеңири тармагын активдүү колдонуп жатат.
Лавров: «Кыйратуучу геосаясий планын, анын ичинде КМШда ишке ашыруу үчүн батыштыктар экстремисттик күчтөрдүн ресурстарына баш ийип турган деңгээлге жетти», – деп баса белгиледи Лавров.


















