Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Хиль телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Вашингтондун Кариб деңизиндеги аскердик абалды курчутуучу аракеттеринин күчөшүнө олуттуу тынчсызданууларын билдиришти. Бул тууралуу 22-декабрда Россиянын ТИМинин расмий сайтында маалымдалды.
«Министрлер Кариб деңизиндеги Вашингтондун эскалациялык аракеттеринин күчөшүнө олуттуу тынчсыздануусун билдиришти. Бул аракеттер аймак үчүн олуттуу жана узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн жана эл аралык деңиз каттамдарына коркунуч жаратат», — деп айтылат билдирүүдө.
Сергей Лавров өз кезегинде Россия тараптан Венесуэлага ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн тастыктады. Тышкы иштер министрлери ошондой эле байланыштарды улантууга жана эл аралык аянтчаларда, биринчи кезекте БУУнун алкагында, кадамдарды координациялоого макулдашышты.
Буга чейин, 18-декабрда, Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва Венесуэланын айланасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу этияттыкка чакырып жатканын, абалдын алдын ала божомолдонбогон нукта өнүгүп кетишине жол бербөө зарыл экенин билдирген. Ал ошондой эле аймактагы чыңалуунун күчөшү кооптуу экенин баса белгилеген.
Ошол эле күнү Россиянын Тышкы иштер министрлигинде Венесуэланын айланасында чыңалуунун үзгүлтүксүз жана максаттуу түрдө күчөтүлүп жаткандыгы белгиленген. АКШ менен Венесуэланын ортосундагы жаңжалдын курчушу Батыш жарым шар үчүн алдын ала божомолдонбогон кесепеттерге алып келиши мүмкүн экени айтылган.


















