Санкциялар жана басым көрсөтүү учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмсүз, тескерисинче, чыңалууну күчөтүп, эл аралык туруктуулукту солгундатат.
Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Линь Цзянь билдиргенин «Синьхуа» агенттиги маалымдады.
АКШнын каржы министри Скотт Бессент Иран менен соода жүргүзүүнү улантып жаткан өлкөлөргө карата экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсүнө комментарий берип жатып, Кытай ТИМинин өкүлү мындай ыкмалар эч кимдин кызыкчылыгына жооп бербей турганын баса белгиледи.
Кытай бардык тараптарды акыл-эстүүлүккө жана сабырдуулукка чакырып, жаңжалдарды күчөтүп, дүйнөлүк экономика менен каржы системасынын туруктуулугуна зыян келтире турган кадамдардан баш тартууга үндөдү. Ошондой эле саясий жол менен жөнгө салуу үчүн мүмкүн болушунча тез арада диалогго кайтууга чакырды.
Линь Цзянь Пекин кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салып турарын жана өзүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүн кошумчалады.

















