Кытай жарандык калкка зыян келтирген бардык баш аламан соккуларды айыптайт. Тиешелүү билдирүүнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Го Цзякун брифингде АКШ менен Израилдин аскердик операциясы учурунда Ирандын түштүгүндөгү Минаб шаарындагы кыздардын башталгыч мектебине жасалган соккуга комментарий берип жатып билдирди.
«Кытай жарандарга жана жарандык объектилерге жасалган бардык баш аламан соккуларды айыптайт. Балдардын жабыркашына алып келген мектептерге жасалган соккулар эл аралык укукту олуттуу бузуу болуп саналат жана адамдык адеп-ахлактын чегинен ашат», – деп баса белгиледи ал.
28-февралда Иран бийлиги АКШ менен Израиль Минабдын түштүгүндөгү кыздардын башталгыч мектебине сокку урганын жарыялаган. Акыркы маалыматтарга ылайык, кол салуудан 175 адам каза болгон, алардын көбү окуучулар, ошондой эле ата-энелер жана мугалимдер да бар. Дагы 95 адам жаракат алган.
Кийинчерээк сокку урулган жерден табылган ракетанын сыныктарында АКШнын ок-дарыларынын белгилери бар экени аныкталган.
The New York Times гезити Пентагондун иликтөөсүнүн алдын ала жыйынтыктарына шилтеме жасап, Ирандагы мектепке жасалган чабуул үчүн АКШ жоопкерчилик тартаарын билдирген.
12-мартта Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи АКШ Ирандагы кыздар мектебине Tomahawk канаттуу ракеталары менен сокку уруп, мүмкүн болушунча көп жоготууларга алып келүүнү көздөгөнүн билдирди.















