Кытай Эл Республикасы Аксу-Бедел-Балыкчы темир жолун куруу демилгесин көтөрдү.
Мындай сунушту кытайлык делегацияны баштап келген Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Аксу аймагынын губернатору Адили Али Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолугушуусунда билдирди.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
МинКаб башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын региондору Аксу аймагы менен эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Кытайдын СУАР Аксу аймагынын губернатору Адили Али Кытай тарап Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл “Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, бул чек ара пунктунун транспорттук-логистикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана туризм үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө бурулду.
Эске салсак, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Бедел” өткөрмө бекети 2024-жылы сентябрда ачылган. Буга чейин Барскоон-Үч-Турпан-Аксу автоунаа жолу да ишке кире турганы айтылган.


















