Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстандын экосистемасын коргоодогу көйгөйлөр кайсылар?

  • Интервью, Кыргызстан
  • 27.12.2023 13:36

Loading

Ушул жылдын 15-16-декабрь күндөрү өткөн Экинчи Элдик курултайга Ош шаарынын атынан делегат болуп шайланып барып катышкан Абдижапар Аккулов экологиялык көйгөйлөрдү көтөргөн. Анын айткандары чын экени байкалат. Себеби, технологиянын өнүккөн доорунда экосистеманы көздүн карегиндей сактоо учур талабы. География илимдеринин кандидаты, доцент, геоэкология боюнча адис-окумуштуу А.Аккулов жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп, көптөгөн экологиялык долбоорлорду ишке ашырган. Учурда ал Ош МУнун Тоо экосистемалар жана жашыл инновациялар Консалтинг Борборунун директору болуп эмгектенет. Анын Экинчи Элдик курултайда көтөргөн маселесинин айланасында кеп кылууну чечтик.

– Абдижапар агай саламатсызбы? Экинчи Элдик курултайда көтөргөн маселеңиздин өзөгү эмнеде эле?

– Саламатчылык. Ооба, мен эколог катары бул жолку курултайда экосистеманы коргоо боюнча маселе көтөрдүм. Соңку жылдары дүйнө жүзүндө кургакчылыктын жыл сайын кайталанып, анын кесепети адамзаттын жашоосунда орду толгус зыяндарга алып келип жаткан тенденция туруктуу мүнөзгө ээ болууда. Ушул себептүү дүйнөлүк масштабда өткөрүлүп жаткан глобалдык форматтагы бир катар жыйындарда климаттын туруктуулугун сактап калуу маселеси башкы орунга чыгып, анын актуалдуулугу артууда.

Тема боюнча

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026

БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 76-сессиясында, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жыл “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы”, ал эми өлкөбүздө “Тоолуу экосистемаларды коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыяланган. Баарыбызга маалым болгондой, буга чейин Кыргызстанда “Жашыл мурас” программасы кабыл алынган, Тоо аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдык программасы жөнүндөгү резолюциясынын бекитилген жана 2027-жылы бизде Бишкек+25 Глобалдык саммит өтүлө тургандыгы баарыбызга маалым.

Эгерде Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Генералдык Ассамблеясы 2002-жылды Тоолордун эл аралык жылы деп жарыялап, Тоо аймактарын туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча дүйнөлүк эң биринчи конференцияда Бишкекте өткөрүлгөндүгүн, андан берки 20 жылдан ашуун мезгил ичинде Борбор Азия Тоо өнөктөштүгү (САМР), Тоолуу өлкөлөр достугу тобу, Борбор Азиянын тоо коомчулуктарынын альянсы ж.б.у.с. уюмдар түзүлүп, дүйнөнүн ар кайсыл тоолуу өлкөлөрүндө бул багытта дээрлик жыл сайын ар кандай форумдар, конференциялар, жыйындар өтүп келаткандыгын эске алсак, тоолуу аймактарыбыз, анын ичинде Кыргызстаныбыз да буга чейин айтылып келаткан толгон-токой экологиялык көйгөйлөрдөн толук арылып кетишибиз керек эле. Бирок, тилекке каршы, иш жүзүндө андай болбой жаткандыгын баарыбыз көрүп турабыз. Бул көрүнүш бизде эле эмес, Борбор Азиядагы тоолуу өлкөлөр болгон коңшуларыбызда, же Евразия аймагында эле эмес, планетардык масштабдагы глобалдык көйгөйгө айлангандыгында, мунун бирден-бир себеби климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу экендигинде болууда.

Ушул себептүү жогоруда айткандай, президенттин эң жогорку трибуналардан климаттык өзгөрүүлөрдүн, аба менен суунун булганышынын, жайыттардын жана жалпы жер кыртышынын деградациясынын кесепеттери менен күрөшүү, биологиялык көп түрдүүлүктү сактап калуу, табийгый кырсыктарга даярдыкты, тоо коомчулуктарын социалдык-экономикалык колдоого алууну күчөтүү үчүн биз баардык күч-аракеттерибизди жумшашыбыз керек.

“Узак жана кооз сүйлөгөн мезгилдер өттү, андыктан чындап максаттарга багытталган, ырааттуу жана натыйжалуу иш-аракеттерге өтүүнүн мезгили келди”,-дегени азыркы абалыбыздын кашкайган чындыгын көрсөткөн – жалпы мекендештерибиз үчүн азыркы учурдун эң олутуу чакырыгы катары билишибиз кажет деп айткым келет.

– Кыргызстандын экосистемасын коргоодо жер кыртышынын абалын айтпай кетүүгө болбойт. Ошол үчүн сиз бул жаатта эмнелерге токтолдуңуз?

– Окумуштуулардын маалыматтары боюнча, Орто Азиянын аймагында 12 миңден ашык жер көчкүлөрдүн очоктору белгиленген, алардын ичинен 2,5 миндейи чоң жана эң чоң өлчөмдөгү жер көчкүлөр. Кыргызстандагы жер көчкүлөр тараган аянттар учурда 8 миң кв. км ге жетет. Көпчүлүгү Фергана өрөөнүнүн айланасындагы жапыз тоолордо жана адырларда. Эгерде жер көчкүлөрдүн жүрүүсү мүмкүн болгон аянттарды эсептесек, көрсөтүлгөн сандан он эсе чоң санды алууга болот.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын аймагында 5 миңге жакын жер көчкү кооптуу тилкелери бар, алардын 98% республиканын түштүк аймагында жайгашкандыгы аныкталган. Айрыкча Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунда. Бул аймактарда 4000 ден ашык үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт деп жыйынтыктар алынган. Алардын ичинен эки миңден ашуун үй-бүлө башка жактарга көчүү үчүн мамлекеттен ссуда алышкан, бирок, айрым үй-бүлөлөр дагы деле көчпөстөн кооптуу аймактарда жашап жаткандыгы белгилүү.

Көптөгөн илимий изилдөөлөр көрсөтүп жаткандай жана адистердин маалыматына караганда, Кыргызстанда жер көчкүлөр адатта катуу, нөшөрлөп жааган жаан-чачындардан жана жер кыртышынын структурасынын туура эмес чарбалык иштерди жүргүзүүдөн улам бузулуп, сапатынын начарлашынан жана анын эрозияга чалдыгуусунан улам келип чыгууда.

Биздин өлкөдө климаттын өзгөрүүсүнөн улам ар кайсыл аймактарында сел ташкындары менен жер көчкүлөрү жүргөн учурлар арбып, экстремалдык ысык жана суулардын тартылуусу ичимдик жана түшүм өндүрүү үчүн алардын жетишсиздигин жаратып, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун коркунучка дуушар кылууда. Ар кандай институттар бул жагдайларда Кыргызстан эң оболу, өз аймагындагы мөңгүлөрүн прогноздоолор көрсөткөндөн да тезирээк жоготуп алуу мүмкүн экендигин жана мындай көрүнүш биздеги жакырчылыкты, миграцияны жана теңсиздикти күчөтүп, экономиканы артка тартууда деп белгилеп жатышат.

– Жакында президенттин тоо аймактарын өнүктүрүү жана экосистемаларын сактоо саясатын колдоо жана илгерилетүү максатында, Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаев мырзага кирип бир канча сунуштарды берип чыктыңыздар. Анда эмне тууралуу кеп болду?

– Анда окумуштуу-адистер тарабынан облусубуздун аймактарындагы абанын, мөңгүлөрдүн, суу ресурстарынын, топурак кыртышынын, токойлордун, жалпы эле флора менен фаунанын, жол инфраструктурасынын абалы, тоо-кен ишмердигинин айлана-чөйрөгө таасири жөнүндөгү сөз кылдык. Анын алкагында, тоолуу райондордогу айыл өкмөттөрү менен тийиштүү тараптар ортосунда ири аянттардагы деградацияга учурап бош жаткан жерлерде токой бактарын, дарыя жайылмаларында токой участокторун түптөө жана инновациялык технологияларды киргизүү боюнча келишимдерди түзүп, илимий изилдөө жана өндүрүштүк-чарбалык иштерди жүргүзүү, жашыл зоналарды пайда кылуу жана алардын аянттарын көбөйтүү багытындагы аракеттерге 2024-жылдан тартып старт берүү жөнүндөгү чечим кабыл алуу керектигин айттык.

Бул үчүн Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргызстанда Тоо аймактарын туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо, жашыл инновацияларды колдонуу, долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча квалификацияны жогорулатуу багытындагы окуу семинарларын, тренингдерди тийиштүү тараптар менен биргелешип иштеп чыгуу жана уюштуруп өткөрүү, жакынкы эле келечекте ар бир райондо өзүнүн “Карагойу” жана Таластагы дарыя жээгиндегидей токою болсун үчүн айыл өкмөттөр, жергиликтүү коомчулуктар жок дегенде 1-2 гектардан баштап ондогон гектарга чейинки аянттарда токой-бактарын, жол бойлото коргоочу токой тилкелерин түптөшсө болот. Ошондой райондорубузда жүздөгөн, областыбызда миңдеген гектар токой участоктору иш жүзүндө пайда болоорун, бул үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр жана ар тараптуу потенциалыбыз бар. Мына ушундай жолдор менен гана биз өзөлкөбүздө дүйнөлүк масштабдагы климаттык өзгөрүүлөргө карата туруктуулукту, аны сактап жакшыртууну камсыз кылабыз, салым кошобуз.

– Сиз өзүңүз баш болуп, деградацияланган жерлерге бак отургузуп жүрдүңүз окшойт эле?

– Ооба, бул багытта бир топ иштер аткарылды. Атап айтсак, 2021-жылы февраль айында Ош МУ менен КРдин Өкмөтүнүн Ош облустук өкүлчүлүгү (ошол кездеги губернатор Ж.Абдраимов) ортосунда атайын Меморандум кабыл алынгандыгын да белгилеп кетмекчибиз. Биз тараптан өлкөбүздөгү экологиялык, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү буга чейин да ар тараптуу изилдөөгө алган окумуштуу-адистер тийиштүү тараптарга бир катар сунуштарын айтып, алгылыктуу иштерди аткарып келаткандыгын айтсак болот.

Мисалга, түрдүү себептерден улам эрозияга учурап, деградацияланган жерлерди биорекультивациялоодо агро-токой мелиорация иш-аракеттерин жүргүзүү, аларды сапаттуу уюштуруу жана натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле, өз тажрыйбаларыбызды өлкөбүздүн башка аймактарына жайылтуу максатыбыз жөнүндө биз тараптан Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү 2017-жылдын жаз айларында 90го жакын турак-жайды, жол, көпүрө, орто мектепти, китепкана, ФАП, мечит, спорт залды ж.б. социалдык обьектилерди басып калган, аянты дээрлик 300 га ээлеген, узундугу 6,5 км болгон жер көчкүнүн ордунда аткарылып жаткан “Курбу-Таш токой” илимий-өндүрүштүк долбоорун алалы.

Бул жерде соңку 6 жыл аралыгында аткарылган иштерибиздин алкагында 100 га жер аянты тосмого алынып, учурда 50 га жакын участогунда түрдүү дарактар менен бадалдардын көчөттөрү отургузулуп, өстүрүлүп жатат. 2021-жылда долбоорду улантуу, ал үчүн акча каражаттарын табуу, дарак-бадал көчөттөрү менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер көрүлдү. Жалпак-Таш айыл аймагы, Өзгөн токой чарбасы, “ЮгЛес” коомдук фонду жана ОшМУнун Табият таануу-география факультети ортосунда окуу-илимий-өндүрүштүк базаны уюштуруу боюнча Меморандум түзүүгө жетишкенбиз.

Чарбалык пайдаланууга жарабай калган кыртышты калыбына келтирүү жана токойлоштуруу максатындагы биорекультивациялык иштерге жеке каражаттарыбыздын, жергиликтүү бийликтин кошкон салымынын, КРнын ӨКМ, ОшМУ, USAID, Ага Хан фондунан тартылган инвестициялардын суммасы дээрлик 5 млн сомго жеткендигин, анын натыйжасында мында мөмө-бактуу токой тигип, биогумус өндүрүү, балчылык, балык жана канаттуулар чарбасын уюштурууга жаңы типтеги агроландшафтты, жергиликтүү коомчулук үчүн жаңы киреше булактарын пайда кылган экочарбаларды түзүүгө мүмкүн болууда.

– Бул демилгеңиздерди башка жакка да жайылтып атасыздарбы?

– Учурда Кыргызстандагы, айрыкча республикабыздын түштүк областтарынын көптөгөн жер көчкүлөр жүргөн аймактарында мына ушундай агро-токой мелиорациялык жана биорекультивациялык иш-аракеттерди аткаруунун, ал аркылуу тоо экосистемаларын калыбына келтирүүнүн, коргоонун жана сактоонун, мындай иштерге жергиликтүү коомчулуктарды тартуунун, алар үчүн жаңы киреше булактарын пайда кылуунун маанисин арттыруу максатында бул долбоордук идеяларды ар кайсыл райондордо жайылтуу жана аткаруу боюнча тийиштүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимдерди түзүп жатабыз. Бул сыяктуу долбоорлорду комплекстүү координациялоо үчүн ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг Борбору жаңыдан түзүлүп өз ишин баштады.

Өзгөчө макамга ээ болгон окуу жайыбыздын өнүгүү концепциясындагы негизги приоритеттеринде илимий билимге, илимий-практикалык жана өндүрүштүк иштерге басым жасоонун, мындай механизмдер аркылуу сапаттуу кадрларды даярдоо, аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуу, бул багыттагы программаларды каржылоонун актуалдуулугу жогорулап бараткандыгын айтсак болот.

(Уландысы бар)

Маектешкен: А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Абдижапар АккуловкөйгөйКыргызстанЭкология
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026
Кыргызстан желим баштыктардан баш тартат. Эл жаңы талапка даярбы?

Кыргызстан желим баштыктардан баш тартат. Эл жаңы талапка даярбы?

23.11.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.