Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 23-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстан желим баштыктардан баш тартат. Эл жаңы талапка даярбы?

  • Аналитика
  • 23.11.2026 15:49

Loading

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын бардык аймактарында полиэтилен – желим баштыктарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга толук тыюу салынат. Экологдор бул кадам эл аралык талаптарга шайкеш келерин белгилеп, жарандарды биоажыроочу таңгактарга өтүүгө даяр болууга чакырышууда.

Бул талап жаңы жылдан тартып бүткүл өлкө боюнча күчүнө кирерин президент Садыр Жапаров Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары менен жолугушууда дагы бир жолу эскерткенден кийин “Евразия Тудей” агенттиги Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Калдыктарды жана саркынды сууларды туруктуу башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нургаакы Исаевага кайрылып, бир катар суроолорго жооп алды.

“Мамлекет башчысы белгилегендей, Ысык-Көл облусунда полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салуу 2023-жылы пилоттук негизде киргизилген. Эми бул чектөө 2027-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бардык аймактарында күчүнө кирет. Бул чара полиэтилен баштыктарын азайтууга жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.

Тема боюнча

Жасалма жаан:  Глобалдык куткаруучубу же экологиялык кырсыкпы?

Жасалма жаан:  Глобалдык куткаруучубу же экологиялык кырсыкпы?

27.08.2026

Ысык-Көл облусу биосфералык аймак болгондуктан, пилоттук режим үчүн атайын тандалып алынып, буга чейин колдонулуп келген. Төрт жыл аралыгында пилоттук долбоордун кандай иштээрин көрүп, тиешелүү талдоолорду жүргүзүп, чечимдерди кабыл алдык. Эң алгач бул долбоордун ишке ашышы үчүн министрлик тарабынан ченемдик укуктук актылар кабыл алынган.

Бул мыйзамдын толук иштеши үчүн пластиктен жасалган буюмдарды колдонуу тартибин аныктаган атайын тизмек талап кылынган. Аны бекитүү үчүн Министрлер Кабинетинин тескемеси зарыл болуп, учурда ал документ кабыл алынды. Аталган тескеме аркылуу бирдиктүү тизме бекитилип, анда кайсы полимердик баштыктар же бир жолу колдонулуучу идиштер кандай талаптарга жана сапаттарга жооп бериши керектиги так көрсөтүлгөн”, – деди Нургаакы Исаева.

Анын айтымында, ата мекендик өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр менен жолугушуулар өткөрүлүп, тегерек столдор уюштурулган. Ошол эле маалда бул мыйзамдын канчалык деңгээлде натыйжалуу иштеп кете аларын аныктоо максатында атайын сурамжылоолор жүргүзүлгөн.

“Учурда биздин жумушчу топ иш алып барууда. Анын алкагында ири өндүрүүчүлөрдү — тактап айтканда, полимерден жасалган баштыктарды, бир жолу колдонулуучу идиштерди, ошондой эле крафт-пакеттерди жана кагаз баштыктарды чыгарган ишканалардын өкүлдөрүн чакырып, алардын жаңы талаптарга даярдыгы жана мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүлөрү тууралуу пикир алмаштык” – деп кошумчалады ал.

Нургаакы Исаеванын айтымына караганда, бул иш чара Саламаттык сактоо жана Экономика жана коммерция министрликтери биргеликте иш алып барат. Анткени желим баштыктарды жана бир жолу колдонулуучу идиштерди сертификациядан өткөрүү Экономика жана коммерция министрлигинин милдетине кирет.

Андан тышкары, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгондуктан, андагы техникалык регламенттерди да сакташы шарт.

“Европа Биримдигиндеги мамлекеттер пластик баштыктарды колдонушпайт. Ал тургай, өнүккөн Италия, Франция сыяктуу өлкөлөр дагы алгачкы тогуз ай ичинде пластик пакеттерден баш тартууда тоскоолдуктар болуп кыйналышкан. Бирок азыркы тапта бул мамлекеттерде алар такыр колдонулбайт.

Мындан тышкары, биз Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчөбүз. Биримдикте атайын техникалык регламент бар жана учурда таңгактоо коопсуздугу боюнча жаңы өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Анын алкагында коңшу өлкөлөр дагы биоажыроочу таңгактарды (биоразлагаемая упаковка) киргизип жатышат.

Учурда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) пластик булганууга каршы күрөшүү боюнча атайын конвенция кабыл алууда. Ошондуктан биз дагы бул талаптарды кабыл алууга тийишпиз. Албетте, элибиз алгачкы бир-эки жылда көнө албай кыйналышы мүмкүн, бирок муну сөзсүз ишке ашырышыбыз керек.

Ошондуктан азыркы тапта жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) аркылуу желим баштыктардын зыяндуулугу боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын видеороликтер даярдалып чыгарылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, тыюу салуу бардык эле баштыктарга эмес, эң төмөнкү, начар сапаттагы полимерлерден жасалган айрым түрлөрүнө гана тиешелүү болот. Ал эми кайра иштетүүгө мүмкүн болгон баштыктарды колдонууга уруксат берилет” – деди ал.

Учурда “Глобус”, “Азия” жана башка айрым соода борборлору биобаштыктарды колдонуп жатышат. Бирок булар жалпы колдонуу көлөмүнүн 10 пайызын гана түзсө, калган 90 пайызы базарлар менен дүкөндөргө туура келгендиктен колдо бар полимер баштыктарды сатып бүтүрүү керектигин эскертүүлөр берилген.

“Мында дароо эле барып айып пул салуу чарасы колдонулбайт, бирок мыйзамда каралган тартипте айып пулдун көлөмү аныкталган. Анда жеке жана юридикалык жактар үчүн өзүнчө суммалар бөлүнгөн. Ошондуктан биз бир жылдан бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору сырттан келген бардык товарларга сертификат берип, текшерүүдөн өткөрөт.

Желим баштыктар жана пластик буюмдар текшерилип, биздин талаптарга туура келери аныкталат. Бирок биз Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондуктан, Россия, Беларустан келген сыноо протоколдорун дагы таанууга тийишпиз”, -деп кошумчалады.

Полимердик пакеттерди жана кайра иштетүүчү же бир жолу колдонулуучу идиштерди ар башка компаниялар өндүрөт. Алардын басымдуу бөлүгүн полимердик баштыктарды жасаган ишканалар түзөт. Алардын катарында “Элегия”, “Рахат” жана башка ири компаниялар бар.

Кыргызстанда, негизинен Бишкек шаарында, крафт-пакеттерди жана экологиялык кагаз таңгактарды өндүргөн бир нече ири компаниялар жана ишканалар ишмердүүлүгүн улантууда.

“Ак-Жол Plast”, “Alfa Pack”, “Ecopack” (Баштыкуста), ОсОО “Полиснабсервис” жана башка кармагычы бар жана кармагычы жок крафт-пакеттерди, ошондой эле фастфуд жана кондитердик азыктар үчүн кагаз таңгактарды чыгарган өндүрүүчү ишканалар бар. Ошондуктан өзгөчө көңүлдү ата мекендик өндүрүүчүлөргө бурулат.

Бирок азырынча үчүнчү өлкөлөрдөн же ЕАЭБ мамлекеттеринен келген талапка жооп берген товарларга жана пластик идиштерге толук тыюу салынбайт.

Эл желим баштыктардан баш тарта алабы?

Экологияны сактоо максатында желим баштыктарга тыюу салуу демилгеси жакшы болгону менен, анын түйшүгү карапайым элдин мойнуна түшүп калышы мүмкүн.

Күнүмдүк тиричиликке терең сиңип калган желим баштыктардан коомчулук толук баш тарта алабы? Бул тууралуу эколог, доцент Жолдошбек Чунгулов пикири менен бөлүштү.

“Желим баштыктар жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштерден арылуу зарылчылыгы айлана-чөйрөнү коргоо муктаждыгынан келип чыгууда. Бирок коомчулук желим баштыктарды колдонуудан таптакыр баш тартып кете алабы маселе мына ушунда. Анткени полиэтилен баштыктар базар экономикасына жана адамдардын күнүмдүк тиричилигине терең сиңип, жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып калган.

Негизи бул мыйзам жакшы демилге болгонуна карабай, иш жүзүндө аткарылбай калган ченемдер да жок эмес. Көп учурда ар кандай жарлыктар менен мыйзамдар кабыл алынганы менен, алардын түйшүгү карапайым элдин мойнуна түшүп, жөнөкөй калк жабыркап калууда”, – дейт эколог.

Анын пикирине караганда, желим баштыктар маселесин дагы чечсе болот. Себеби өлкөдө тигүү цехтери көп болгондуктан, аларды чүпүрөк баштыктар менен алмаштырууга толук мүмкүнчүлүк бар.

“Айып пул төлөө тартиби кандай болот? Маселе ушунда. Мунун баарын ийне-жибине чейин тактап жазып чыгуу керек. Бизде айып пул салуу боюнча мыйзам каралган, андыктан айланып келип эле карапайым эл жабыр тартып калбашы зарыл.

Тыюу салуу оңой, бирок ал мыйзамдын иш жүзүндө натыйжалуу иштеп кетүү жагын эске алуу шарт.

Экинчиден, тыюу салуу оңой, бирок анын экинчи жагы да бар. Чектөө киргизилгенде эл аны кабыл алабы? Тыюу салуудан мурун альтернативдүү жолун да караштыруу зарыл. Мисалы, учурда таштандылар желим баштыктарга салынып чыгарылып, аны “Тазалык” ишканасы алып кеткендиктен, ишкана дагы буга даяр болушу керек. Чектөө коюлгандан кийин, эл аны жашыруун деле колдоно бериши мүмкүн. Ошондуктан мыйзам туура жана кылдат кабыл алынышы керек. Антпесе карапйым эл да, бизнес да жабыркап калат. Ушул тапта коомчулуктун жаңы талаптарга даярдыгы канчалык экени да суроо жаратат. Азыркы колдонулуп жаткан пластик контейнерлер жука. Эгер аларды калыңдатса, баасы көтөрүлөт. Бул өз кезегинде товардын наркына таасир этет”, -дейт ал.

Кагаз кымбат болгондуктан крафт-пакет кымбатыраак болуп калат. Ага караганда желим баштыктарды өндүрүү бир кыйла арзанга түшүп, электр энергиясы дагы аз коротулат.

“Ал эми өзүбүздүн ата мекендик өндүрүшчүлөргө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, мыйзамдын аткарылышы туура көзөмөлгө алынса, бул иш эки жылдын тегерегинде толук жолго коюлуп калышы мүмкүн”, -деди Жолдошбек Чунгулов.

100дөн ашуун мамлекетте полиэтилен баштыктарын колдонууга толук же жарым-жартылай тыюу салынган

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекети полиэтилен – желим баштыктарын колдонууга толук же жарым-жартылай тыюу салган. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен толук тыюу салган мамлекеттер азырынча жок, бирок коңшу өлкөлөр жарым-жартылай чектөөлөрдү гана киргизишкен.

Коңшу мамлекеттердин ичинен Өзбекстанда 2019-жылдан тарта дүкөндөрдө полиэтилен баштыктарын акысыз берүүгө, калыңдыгы 40 микрондон жука баштыктарды өндүрүүгө жана туткасы бар пластик пакеттерди сырттан алып келүүгө тыюу салынган. Ал эми Тажикстанда 2025-жылдын 1-январынан баштап калыңдыгы 15 микронго чейинки жука желим баштыктарын өлкөгө алып келүүгө жана колдонууга чектөө киргизсе, Казакстанда толук тыюу азырынча кабыл алына элек. Бирок соода түйүндөрүндө баштыктарды бекер берүү гана токтотулган. Ал эми Түркмөнстанда полиэтилен баштыктарына расмий түрдө улуттук тыюу салынган эмес.

Желим баштыктар экология үчүн канчалык коркунучтуу?

Экологдордун айтымына караганда, целлофан баштыктар табият үчүн эң кооптуу таштандылардын бири. Анткени алар жерде 100 жылдан 200дөн ашык жылга чейин чирибей жата берет. Адамдар аны күнүмдүк жашоосунда утурумдук колдонуп ыргытып жиберген менен анын жаратылышка тийгизген зыяны кылымдарга созулат.

Эң оболу, жердин күчүн кетирет. Жерге көмүлгөн же чачылып жаткан желим баштыктар топуракка аба менен сууну өткөрбөй коёт. Мунун айынан жер арыктап, өсүмдүктөрдүн тамырына азык жетпей калат.
Суунун ууланышына алып келет. Дарыяларга жана Ысык-Көл сыяктуу көлдөргө түшкөн пакеттер суунун түбүнө чөгүп отуруп, сууну булгайт.

Мал жандыктарына коркунуч туудурат. Жайытта оттогон уй, кой, жылкылар, ошондой эле жапайы жаныбарлар менен балыктар чөп-чарга аралашкан желим баштыктарды жеп алышат. Пакет ашказанда эрибегендиктен, мал муунуп же ачкадан өлүп калышына алып келет.

Ал эми адамдын ден соолугуна зыяны – желим баштыктарды короодо же таштанды челекте өрттөгөндө абага өтө уулуу түтүн чыгып, адамдын өпкөсүн жабыркатып, рак сыяктуу оор ооруларды пайда кылышына алып келиши ыктымалдуулугу жогору.

Ошондой эле, желим баштыктар өтө жеңил болгондуктан, шамал менен таштанды жайлардан учуп, бак-дарактарга илинип, талааларды каптап отуруп, таштандылардын көбөйүшүнө алып келет.

Жайытты баскан желим баштыктар же “Пластик оорусунун” келип чыгышы

Кыргызстандын айыл жергелеринде таштандыларды башаламан төгүү экологиялык гана эмес, айыл чарбасына да түздөн-түз сокку урган олуттуу көйгөйгө айлангандыгын президент Садыр Жапаровдун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда бул тема кайрадан көтөрүлдү.

Жолугушууда Тоң районунун жергиликтүү тургуну айыл четиндеги ачык таштанды полигондорунан шамал менен учуп чыккан желим баштыктар жайлоолорду, жайыттарды каптоодо. Мунун кесепети малга, айрыкча уйларга тийип жаткандыгын баса белгиледи. Анын айтымында уйлар желим баштыктарды  жеп алып жатат.

Ветеринардык -санитардык эксперттердин  жана  экологдордун буга чейинки билдирүүлөрүнө ылайык,  ири шаарлардын жана таштанды полигондорунун тегерегинде багылган малдын көпчүлүгүнүн ашказанынан пластик табылат. Бир уйдун карынынан орточо эсеп менен 5 килограммдан өйдө, ал эми дүйнөлүк практикада 40  килограммга чейин  желим чыккан учурлар катталгандыгын белгилешкен.

Эл аралык ветеринардык уюмдар малдын желим жеп алуусун “Пластик оорусу” деп аташат.

Желим баштыктарды жеп алуу малды көбүнчө өлүмгө алып келет. Пластик малдын ашказанында сиңбейт жана убакыттын өтүшү менен топтолуп, ички органдарын иштен чыгарат.

Желим баштыктар малдын карынында жем-чөп менен аралашып, безге айланат. Ал тамак өтүүчү жолдорду бүтөп, мал жем-чөптөн баш тарта баштайт жана  карындагы газдардын сыртка чыгышына тоскоол болот. Мында  малдын ичи катуу көөп, өпкө менен жүрөктү кысып, тез арада тумчугуп өлүү коркунучун жаратат.

 Ошондой эле желимдин курамындагы химиялык заттар жана боёктор ашказан ширесинин таасиринен бөлүнүп чыгып, малдын боорун, бөйрөгүн жабыркатат жана сүт аркылуу адамга да өтүшү мүмкүн.

Пластиктердин 100 жылдан 500 жылга чейин чирибешинин себеби  – бактериялар жей албайт

Экологдор белгилегендей, алардын чирүү убактысы баштыктын калыңдыгына, курамына жана айлана-чөйрөнүн шарттарына жараша болот.

Жука баштыктар 100–200 жыл, ал эми калың жана тыгыз баштыктар  400дөн 500 жылга чейин жер кыртышында жата берет. Айрыкча топурактын астына көмүлгөндөрдүн чирүү процесси дээрлик токтоп, 1000 жылга чейин сакталышы мүмкүн. Чирибей сакталышынын себеби, желим баштыктарды бактериялар жей албайт.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: желим баштыкЭкология
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Борбордук Азия өлкөлөрү жерлерди калыбына келтирүү жана чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча демилгелерин сунушташты

Борбордук Азия өлкөлөрү жерлерди калыбына келтирүү жана чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча демилгелерин сунушташты

27.08.2026
Жасалма жаан:  Глобалдык куткаруучубу же экологиялык кырсыкпы?

Жасалма жаан:  Глобалдык куткаруучубу же экологиялык кырсыкпы?

27.08.2026
Кургап калган Арал деңизинин түбү атмосферага жүздөгөн миллион тонна CO₂ бөлүп чыгарууда

Кургап калган Арал деңизинин түбү атмосферага жүздөгөн миллион тонна CO₂ бөлүп чыгарууда

18.08.2026
К. Бакиров: “Европада акыркы он жылдыктардагы эң оор кургакчылык башталды”

К. Бакиров: “Европада акыркы он жылдыктардагы эң оор кургакчылык башталды”

18.08.2026
ЕӨБ: Борбордук Азиянын электр тармактарындагы жоготуулар 20%га жетти

ЕӨБ: Борбордук Азиянын электр тармактарындагы жоготуулар 20%га жетти

01.07.2026
Дүйнөлүк банктар мунай жана газ тармагына $906 млрд инвестиция салышты

Дүйнөлүк банктар мунай жана газ тармагына $906 млрд инвестиция салышты

29.06.2026
“Формула-1” мелдешинин экологияга зыяны менен туризмге пайдасы канчалык?

“Формула-1” мелдешинин экологияга зыяны менен туризмге пайдасы канчалык?

03.06.2026
ИИМ F1H2O кайыктар жарышынын айланасындагы талаштар боюнча билдирүү жасады

ИИМ F1H2O кайыктар жарышынын айланасындагы талаштар боюнча билдирүү жасады

30.05.2026
Климаттын өзгөрүшүнөн улам Тажикстанда миңден ашык мөңгү жок болуп кеткен

Климаттын өзгөрүшүнөн улам Тажикстанда миңден ашык мөңгү жок болуп кеткен

13.05.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.