Кыргызстандагы темир жолдор, 20-кылымдын башында курулуп баштап, совет бийлиги кулагандан кийин токтоп турган.
2022-жылдан тарта мамлекет өзүнүн кубаты менен темир жол курууну жандантты. Кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаковдун тушунда Пишпектен чыккан темир жол, азыркы Балыкчы шаарына жетип токтогон. Мамлекет эгемендик алган жылдарында темир жол курган эмес, тилекке каршы мурда курулган аралыктар азайып кеткен.
2022-жылдын жаз айында президент Садыр Жапаров “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун курулушуна старт берди. Өткөн жылы 5 чакырым жол бүттү, быйыл пландалган 15 чакырым жол курулуп, аяктоо алдында турат.
Бул долбоор Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн туташтырат. Андан ары “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолуна кошулуп, Тупиктеги Кыргызстан — Каспий деңизине, дүйнөгө кулачын жаят.
Мындан тышкары, “Кыргыз темир жолу” ишканасы рельстердин алдындагы эскирген жыгач шпалдарды — жаңы темир-бетон шпалдарга алмаштыруу жумуштарын улантып келет. Аталган муктаждыкты буга чейин Россия, Казакстан жана Өзбекстандан сатып алчу. Эми, мындан ары Кыргызстан темир-бетон шпалдарды өзү чыгарып баштады.
Чүй облусундагы Жел-Арык аймагында темир-бетон шпалдарды чыгарган завод ишке кирип, ички муктаждыктарды камсыздап жатат. Заводдон чыккан шпалдын баасы — мурда сырттан сатып алган баага салыштырмалуу эки эсе арзан, сапаты талапка толук жооп берет. “Балыкчы-Кочкор” багытындагы темир жолго Кыргызстандан чыгарылган шпалдар коюлуп жатат. Ал тургай бизден чыккан темир-бетон шпалдарды кошуна мамлекеттер сатып алууну көздөп жатышканын заводдун жетекчиси билдирген.