Eurasiatoday
Шейшемби, 24-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстан Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолун өзү курат

  • Экономика
  • 15.06.2026 17:24

Loading

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-июнда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында Мамлекет башчысы долбоор тууралуу маалымат менен жана Балыкчы станциясынан “Балыкчы көл жээги”аялдамасы пунктуна чейинки темир жол тилкесиндеги калыбына келтирүү иштеринин жыйынтыктары менен таанышты, ошондой эле бул каттам боюнча темир жол автомотрисасы менен жүрүп өттү.

Узундугу болжол менен 6 чакырым болгон темир жол бутагы Совет мезгилинде иштеген, бирок кийинчерээк жараксыз абалга келип, пайдалануудан чыгарылган. Өткөн жылы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тарабынан модернизацияланып: темир жол полотносу жана шпалдар алмаштырылды, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тосмолор орнотулду.

Тема боюнча

М. Исаков: “Темир жол долбоорун ишке ашырууда президенттин өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрү чечүүчү мааниге ээ болду”

М. Исаков: “Темир жол долбоорун ишке ашырууда президенттин өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрү чечүүчү мааниге ээ болду”

19.08.2026

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмү 10 млн тоннага жетип, 2021-жылдагы 7 млн тоннага салыштырмалуу 36 пайызга өстү. Бул – ата мекендик темир жол тармагынын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири.

Ошол эле мезгилде темир жол транспортун колдонгон жүргүнчүлөрдүн саны 2021-жылы 255 миң адам болсо, 2025-жылы 432 миң адамга чыкты. Өсүш 70 пайызды түзөт.

Иштин мындай ыкчам ыргагы тармактын ишмердүүлүгү жакшырып, темир жолдун өлкөнүн транспорттук системасындагы ролу кеңейип жатканын айгинелейт. Натыйжада элибиздин темир жол транспортуна болгон ишеними артып баратат.

1 of 16
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

12.

13.

14.

15.

16.

“Бүгүнкү күндө узундугу 304 чакырымды түзгөн стратегиялык маанидеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жигердүү жүрүп жатат. Бул долбоордун маанилүү бөлүгү – Макмал жүк которуу станциясы. Кудай буюрса, ал ар түрдүү темир жол колеяларынын туташуусун камсыздап, өлкөнүн негизги логистикалык борборлорунун бирине айланат.

Муну менен катар өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн транспорттук байланышын чыңдоо үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоору боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, – деди Садыр Жапаров.

Ал аталган долбоордун биринчи этабы катары узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы – Кочкор темир жол линиясы каралып жатканын кошумчалады.

“Бул долбоор чийки заттарды жана өнөр жай жүктөрүн ташууну арттырууга, аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана улуттук темир жол системасынын интеграциясын кыйла күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мынакей ушундай жетишкендиктерибиздин уландысы катары бүгүнкү Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушун айтууга толук негиз бар”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Жаңы темир жол линиясынын узундугу болжол менен 86 чакырым.

Долбоордо темир жолду “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоо каралган. Натыйжада Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлөт.

“Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоор толук кубаттуулукка чыккандан кийин жылына 5 миллион тоннага чейин жүк ташууну камсыздай алат. Мындан тышкары, инфратүзүмдүн өнүгүшүнө жана аймактын экономикасынын жандануусуна жараша бул көрсөткүч дагы көбөйөт деген үмүтүм бар.

Аталган долбоор Ысык-Көл жээгинде ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык демилгелерди эске алгандыгы менен өзгөчө мааниге ээ.

Жаңы темир жол курулуш материалдарын жана башка жүктөрдү жеткирүүнү камсыздап, аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө жана жүргүнчү ташууларды кеңейтүүгө өбөлгө болот”, – деди Садыр Жапаров.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 400дөн ашуун жумуш орду түзүлөт, ал эми темир жол пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык туруктуу жумуш орундары камсыздалат.

Ошондой эле Президент ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда чет элдик адистерди тартуу маселесине да токтолду.

“Айрым блогерлер, оппозиция өкүлдөрү же популист саясатчылар дейбизби, “каптап кетти, жайнап кетти” деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек.

Албетте, мына биз ушундай өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, өзүбүздүн колубуздан келбеген учурларда кошуна мамлекеттердин адистерин тартып жатабыз”, – деди Садыр Жапаров.

Президент ошол эле учурда ата мекендик кадрларды даярдоо жүрүп жатканын белгиледи: кыргыз инженерлери жана куруучулары окууга жиберилип, келечекте мындай долбоорлорду өз алдынча ишке ашыруу үчүн практикалык тажрыйба топтоп жатышат. Курулушуна азырынча өз компетенциялары жана ресурстары жетишсиз болгон объектилер чет элдик адистерди убактылуу тартуу менен курулуп жатат.

“Эгерде биз мындай иштерди бир гана өз күчүбүз менен аткарууну талап кылсак, анда мындай долбоорлорду биздин инженерлердин күчү менен ишке ашыруу 15-20 жылга созулушу мүмкүн. Буга байланыштуу биздин блогерлерди мындай чагымчыл маанайларга алдырбоого жана алардын жайылышына көмөктөшпөөгө чакырам.

Ошону менен катар техникалык жактан татаал эмес Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Каракол темир жолунун курулушун, биз өз күчүбүз менен ишке ашыра алабыз жана бул иштер жүрүп жатат”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Соңунда Президент Садыр Жапаров аталган долбоордун курулушу Кыргызстандын экономикасын, туризмин жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болорун баса белгилеп, жаңы темир жол аймактардын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, келечек муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.

Фото: Президенттин Басма сөз кызматы

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече" темир жолуБалыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолуКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Казакстанды айланып өтүп, Кытайдан чыккан темир жол Борбор Азиядагы тең салмактуулукту кандай өзгөртөт?

Казакстанды айланып өтүп, Кытайдан чыккан темир жол Борбор Азиядагы тең салмактуулукту кандай өзгөртөт?

04.09.2026
М. Исаков: “Темир жол долбоорун ишке ашырууда президенттин өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрү чечүүчү мааниге ээ болду”

М. Исаков: “Темир жол долбоорун ишке ашырууда президенттин өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрү чечүүчү мааниге ээ болду”

19.08.2026
Кыргызстан өз каражатына Балыкчы – Кочкор темир жолун курду

Кыргызстан өз каражатына Балыкчы – Кочкор темир жолун курду

27.07.2026
Феликс Кулов Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолуна элден каражат алууну сунуштады

Феликс Кулов Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолуна элден каражат алууну сунуштады

21.02.2026
КЭРдин банктары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол курулушунун 50%ын каржылайт

КЭРдин банктары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол курулушунун 50%ын каржылайт

18.12.2025
Кытайдан Европага Борбор Азия аркылуу өтүүчү жүк транзити үчүн Иран «алтын дарбазага» айланды

Кытайдан Европага Борбор Азия аркылуу өтүүчү жүк транзити үчүн Иран «алтын дарбазага» айланды

03.12.2025
Кытай менен Өзбекстан контейнер ташуу боюнча биргелешкен ишкана түзүштү

Кытай менен Өзбекстан контейнер ташуу боюнча биргелешкен ишкана түзүштү

14.07.2025
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: аралык 507 чакырымга кыскарып, 10 саат убакыт жана күйүүчү май үнөмдөлөт

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: аралык 507 чакырымга кыскарып, 10 саат убакыт жана күйүүчү май үнөмдөлөт

11.07.2025
Тажикстан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбооруна кошулууну каалайт

Тажикстан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбооруна кошулууну каалайт

08.07.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.