Eurasiatoday
Жекшемби, 10-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

«Кыргыз темир жолу»: Мунай продуктыларды Казакстан аркылуу ташууда маселе жок, тартыштык болбойт

  • Казакстан, Кыргызстан
  • 04.10.2023 13:45

Loading

Мунай продуктыларды Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүү боюнча маселе жок, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 3-октябрда Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Россиядан ташылган күйүүчү майларды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирген.

Тема боюнча:

Казакстанда келерки жылы убакыт бир саат артка жылдырылат

Казакстанда келерки жылы убакыт бир саат артка жылдырылат

08.12.2023

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, бүгүн 4-октябрда Астана шаарында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору А.Сакиев менен «Казакстан темир жолы» УК» АК башкармалыгынын Төрагасы Н.Сауранбаевдин жолугушуусу болду.

Анда жүк ташууну уюштуруунун актуалдуу маселелери талкууланып, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жүк ташуунун көлөмү көбөйгөнү белгиленген.

“Өлкөлөр ортосунда темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10% га өсүп, 4 млн тоннаны түздү. Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга транзит 11% га, 2,6 млн. тоннага чейин өскөн. Казакстандан Кыргызстанга экспорт 1,5 млн. тоннаны түзүп, 16% га көбөйдү. Тараптар Казакстандын аймагы аркылуу биринчи кезекте социалдык-маанилүү мүнөздөгү жүктөрдү толук көлөмдө транзит менен өткөрүү боюнча биргелешкен ташуулардын пландарын макулдашышты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ишканадан белгилешкендей, үстүбүздөгү жылдын октябрына карата «Казакстан темир жолы» УК» АК 144 миң тонна көлөмүндөгү мунай продуктыларынын транзит көлөмүн макулдашты. Ошол эле учурда 24,5 миң тонна мунайзат Кыргызстанга жолдо бара жатат.

Жолугушууда Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзиттик жүктөрдү өткөрүү, анын ичинде мунай продуктылары боюнча көйгөйлүү маселелер жок экендиги белгиленди.

Ишкана Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын транзити токтотулду деген маалымат жалган жана чындыкка дал келберин, Кыргызстандын рыногунда мунайзаттардын тартыштыгы пайда болот деген кооптонуулар негизсиз экенин белгиледи.

“Маалыматты таратууда “экинчи” тараптын пикирин эске алуу жана маалыматтык билдирүүлөрдө коңшу республиканын чек арасы аркылуу КММ транзит маселелерин тейлеген профилдик мамлекеттик органдын позициясын көрсөтүү керектигине көңүл буруу керек. Болбосо, текшерилбеген маалыматты жайылтуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө гана эмес, эки өлкөнүн өз ара мамилелерине да таасирин тийгизиши мүмкүн. Азыркы учурда Кыргызстан менен Казакстандын темир жол администрациялары жүктөрдүн кыймылын толугу менен көзөмөлдөп, жүктөрдү белгиленген жерге чейин үзгүлтүксүз жана туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу максатында тыгыз байланышта турушат. Жетишилген макулдашууларга ылайык, «Казакстан темир жолы» УК» АК Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга/андан келип түшкөн транзиттик жүктөрдү өз убагында макулдашууну камсыз кылат”, – деп айтылат «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын билдирүүсүндө.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: бензинКазакстанКыргыз темир жолуКыргызстанМунайтартыштык
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Казакстанда келерки жылы убакыт бир саат артка жылдырылат

Казакстанда келерки жылы убакыт бир саат артка жылдырылат

08.12.2023
Казакстанда Украинага гумжардам жөнөткөн фонд жоюлду

Казакстанда Украинага гумжардам жөнөткөн фонд жоюлду

06.12.2023
Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

06.12.2023
Казакстан Европага жүктү Түркмөнстан жана Иран аркылуу ташыйт

Казакстан Европага жүктү Түркмөнстан жана Иран аркылуу ташыйт

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Казакстан 2024-жылдын 1-январынан тарта мунай өндүрүшүн азайтууга макул болду

Казакстан 2024-жылдын 1-январынан тарта мунай өндүрүшүн азайтууга макул болду

02.12.2023
Казакстан франциялык эмес, россиялык Су-30СМ согуштук учактарын сатып алат

Казакстан франциялык эмес, россиялык Су-30СМ согуштук учактарын сатып алат

02.12.2023
13 адамдын өмүрүн алган хостелдеги өрт. Жапаров Токаевге көңүл айтты

13 адамдын өмүрүн алган хостелдеги өрт. Жапаров Токаевге көңүл айтты

01.12.2023

Башкы жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

08.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023

Валюталар курсу

1
Сколько вам лет?

Экономика

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

09.12.2023
Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

08.12.2023
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.