Бишкек – Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчү поезди 16-июндан тарта каттай баштайт.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, поезд 16-июндан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттай баштайт.
“Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Бул вагонго билетти алдын ала 12-июндан баштап сатып алууга болот”, – деп айтылат маалыматта.
ı №608 поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Рыбачье» станциясына саат 11:42де келет.
ı №609 поезди «Рыбачье» станциясынан саат 17:48де жөнөйт, «Бишкек-2» станциясына 21:50дө келет.
Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылса болот: 0705 076696; (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40.