Ош шаарында сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар 13295 студент окуудан чыгарылды.
Башкача айтканда, ОшМУдан – 3573, ОшТУдан – 2754, ОшКӨЭУдан – 3167, ОшМПУдан – 3629, КУУнун филиалынан – 172 чыгарылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда аталган ЖОЖдордун кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга жана алардын жоопкерчилигин КР мыйзамдарынын чегинде кароого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Атайын кызмат бул жумуштар ЖОЖдордогу бүтүрүүчү студенттердин билим сапатын жакшыртуу, билим берүү чөйрөсүндө коррупциялык элементтердин шарттарын, себептерин жана факторлорун четтетүү максатында өткөргөнүн айтат.
КР УКМК жогорку окуу жайлардын жетекчилерин жана кызматкерлерин мыйзамдын талаптарын сактоого жана окуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоого жана коррупциялык көрүнүштөрдөн сак болууга чакырат.
Акыркы айларда атайын кызмат жогорку окуу жайларда жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстан боюнча миңдеген студенттер окуудан чыгарылды. Расмий маалыматка ылайык, бир эле Каракол шаарындагы университеттерден 941 студент, Бишкектеги Борис Ельцин атындагы КРСУдан 12 студент, ал эми Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттен 3 миңге жакын студент окуудан чыгарылган. Бул учурлардын көбүндө кылмыш иштери козголуп, мыйзамсыз кабыл алуу фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, Нарын мамлекеттик университети менен Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде дагы ондогон студенттерге байланыштуу чаралар көрүлгөн. Окуудан четтетилгендердин арасында чет элдик жарандар да болгон.



















