Бензин менен дизель майынын баасы өткөн айга салыштырмалуу орточо бир сомдон бир азга жогорулады.
КР Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасын жарыялады.
Ага ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри – 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 – 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — 63,25 сомдон сатылган.
Учурда АИ-80дин орточо баасы – 58,35 сомдон болсо, мартта 58,34 сомдон болчу. Ал эми дизель майынын литри учурда 72,52 сом болсо, март айында 71,52 сом дон сатылган.
Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майларды негизинен Россиядан сатып алат. Азырынча кымбаттоонун себеби расмий түрдө айтыла элек. Бирок буга чейин социалдык тармактарда Украина Россиянын мунай өндүргөн заводдоруна чабуул жасап жаткандыктан, көпчүлүк мунайды кайра иштеткен заводдор талкаланышы кымбатчылыкка алып келери айтылган. Себеби Россиянын өзүнүн күйүүчү жана майлоочу майларга карата бир айлык керектөөсү 3 млн. тонна болсо, ал көрсөткүч 2 млн. тоннага түшүп кеткен. Андыктан Россия өкмөтү эң оболу ички рынокту камсыз кылуу үчүн мунайды сыртка экспорттоого чектөө киргизген.
Кымбатчылыктын дагы бир себеби – жазгы айдап-себүү иштеринин башталышы да болушу мүмкүн.

















