Казакстан чек аралаш мамлекеттерден келген жеңил жана жүк ташуучу автоунааларга өлкөнүн аймагына суткасына бир жолудан ашык кирүүгө тыюу салды. Өлкөнүн энергетика министринин орун басарынын айтымында, бул мыйзамсыз күйүүчү май ташып чыгуунун алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралардын бири.
Казакстанда чек ара аркылуу күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга каршы чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу өкмөттө өткөн брифингде энергетика министринин орун басары Кайырхан Туткышбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда колдонулуп жаткан негизги чаралардын бири – чек аралаш мамлекеттерден келген транспорт каражаттарынын өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизүү.
«Азыркы учурда чек аралаш мамлекеттерден келген жүк жана жеңил автоунаалар Казакстандын аймагына суткасына бир жолудан ашык кире албайт», — деди Кайырхан Туткышбаев.
Ошондой эле ал азыркы негизги иш-аракет кошумча күйүүчү май бактары орнотулган автоунааларды аныктоого багытталганын белгиледи. Мындай автоунаалар күйүүчү майды мыйзамсыз («көмүскө») ташып чыгууда колдонулат.
Министрдин орун басарынын айтымында, чек арага жакын аймактарда күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган мыйзам бузгандар үзгүлтүксүз аныкталып жатат.
Буга чейин Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз алып чыгууга каршы көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, акыркы эки сутканын ичинде чек ара өткөрүү пункттарында кошумча күйүүчү май бактары жана канистрлер аркылуу үч тоннадан ашык күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга жасалган 61 аракеттин алдын алуу мүмкүн болду. Ал эми жыл башынан бери мунай продукцияларын мыйзамсыз алып чыгууга жасалган 593 аракет токтотулган.




















