Май айынын жыйынтыгы боюнча АКШда керектөө бааларынын өсүү темпи 2023-жылдын башынан берки эң жогорку деңгээлге — 4,2 пайызга жетти. Ирандагы согуштун фонунда жылдык инфляциянын рекорддук ылдамдашы тууралуу Bloomberg агенттиги АКШнын Эмгек статистикасы бюросунун (Bureau of Labor Statistics, BLS) маалыматына таянып билдирди.
Сөз жылдык инфляция тууралуу болуп жатат, аны эсептөөдө азык-түлүк жана энергия булактарынын баасынын өзгөрүшү да эске алынат. Айлык көрсөткүч боюнча АКШдагы баалардын өсүшү 0,5 пайызды түздү, деп такташты америкалык мекемеден.
Инфляциянын тездешинин негизги себеби ички рынокто күйүүчү майдын кескин кымбатташы болду. Энергия ресурстары өлкөдөгү керектөө бааларынын жалпы индексинин өсүшүнүн жарымынан көбүн камсыздады.
Талдоочулар Ирандагы согуш жакын арада токтосо да, АКШда инфляциянын мындан ары дагы өсүшүн күтүшүүдө. Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарынын жана Жакынкы Чыгыштан энергия ресурстарынын экспортунун толук калыбына келиши жылдын аягына чейин мүмкүн эмес деп эсептелет.
Ушуга байланыштуу эксперттер АКШнын Федералдык резервдик системасы жылдын калган бөлүгүндө негизги пайыздык ченди дагы жогорулатышы мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.
АКШ менен Ирандын ортосундагы согуш энергия ресурстарынын (мунай, газ жана суюлтулган жаратылыш газы) гана эмес, жер семирткичтердин да кымбатташына алып келди. Эксперттердин айтымында, бул жагдай акыр аягында америкалык фермерлердин чыгымдарын көбөйтүп, азык-түлүк бааларынын өсүшүнө себеп болушу мүмкүн.
Ошондой эле логистикалык чыгымдардын көбөйүшү бардык түрдөгү керектөө товарларынын жеткиликтүүлүгүн төмөндөтүү коркунучун жаратып жатат.
Буга чейин Bloomberg агенттиги белгилегендей, экономикалык тобокелдиктердин өсүшүнүн шартында америкалык шайлоочулар акырындык менен АКШ президенти Дональд Трамптын экономикалык саясатына нааразы боло башташты.
Жарандардын Ак үй башчысына болгон негизги дооматтарынын бири бензиндин баасынын тез өсүшү болуп калды. Натыйжада Трамптын ишмердүүлүгүн колдоо рейтинги анын эки президенттик мөөнөтүндөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бирине чейин түшүп кетти.















