Президент Садыр Жапаров “Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” Мыйзамга кол койду.
Мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү Аталар күнү (15-март) жана Энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.
Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.



















