24-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Аббас Аракчинин жолугушуусу болуп өттү.
Ведомствонун маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен 2026-жылдын 31-августунда Бишкек шаарында өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашырууга бурулду.
Тараптар кыргыз-иран мамилелерин мындан ары чыңдоонун жана эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
















