Ирандын Тышкы иштер министрлиги Швециянын Стокгольмдогу Иран элчилигинин кызматкерине карата айыптоолорун четке кагып, Стокгольмдун аракеттерине жооп катары Швециянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерин өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги Швециянын элчисин чакырып, Стокгольмдун Тегеранга карата жүргүзүп жаткан «деструктивдүү саясатына» байланыштуу нааразычылык билдирди.
«Жолугушуунун жүрүшүндө Швециянын Иранга карата негизсиз айыптоолору, анын ичинде Стокгольмдогу Иран элчилигинин дипломаттарынын биринин мындан ары иштөөсүнө тоскоолдук кылуу аракети четке кагылды», — деп айтылат Ирандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Ошондой эле Иран тарап Швециянын элчисине анын Тегерандагы дипломаттарынын бири «ага түшүндүрүлгөн ачык-айкын себептерден улам» 48 сааттын ичинде Ирандан чыгып кетүүгө тийиш экенин билдирген.
Буга чейин, 16-сентябрда, Швециянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисин чакырып, Стокгольмдогу Иран элчилигинин кызматкерине өлкөдөн чыгып кетүү сунушталганын билдирген.
Королдуктун өкмөттүк канцеляриясы Швециядагы Иран элчилигинин кызматкерине Дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясына туура келбеген иш-аракеттерине байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлганын билдирген.


















