Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстан сууну кошуналар менен чогуу пайдаланат

  • Экономика
  • 22.01.2024 17:30

Loading

Жакынкы жылдары Кыргызстандын аймагында бир нече суу сактагычтар курулат. Анткени кышында көйгөй жаратып, шаарга чейин каптап кетип жаткан суулар топтолуп, жайкы сугат маалында пайдалуу болот. Ошол эле учурда кошуна мамлекеттер менен да сугат сууну биргелешип колдонобуз. Анткени биз бири-бирибизге ар кайсы жагдайда көз карандыбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде журналисттин:

— Акыркы жылдары сугат суусунун тартыштыгы бизде эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да сезилерлик байкалууда. Бизде бул көйгөйдү чечүү үчүн быйыл БСР, БДРлер куруларын билдирген элеңиз. Алар кайсыл аймактарда курулат? Белгилүү болгондой, кошуна мамлекеттер бизден барган сууну сугатка пайдаланышат. “Өзүбүзгө суу жетпей жатса кошуналарга суу бербей эле койсок кантет” дегендер да бар. Анан биз БСР, БДРлерге сууну топтоп алсак, суу агымынын төмөн жагында жайгашкандарга сугат суусу жетишпей калбайбы?,- деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берип жатып айткан:

— БСР, БДРлер боюнча айтсам, илгерки курулган БСР, БДРлер жакшы каралбай, тазаланбай олтуруп, толуп калган. Ошентип, суу аз топтолуп, сугат мезгилинде суунун жетишсиздиги дыйкандарга дайыма көйгөй жаратып келген. Быйыл баарын тазалап жатабыз. Андан сырткары, өлкө боюнча жаңы БСР, БДРлерди курууга тапшырмаларды бердим.

Тема боюнча

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026

Бул БСР, БДРлер биринчи кезекте бизден төмөн жайгашкан кошуналар үчүн чоң пайда.

Себеби биз сугат мезгилинде агып жаткан сууну талашып калып жатабыз. Эгер биз БСР, БДРлерге кыштын күнү алашалбырт болуп агып жаткан сууларды топтоп калсак, жаздан баштап агып жаткан суу толугу менен кошуналарга агып кирип турат.

Тагыраагы, буга чейинки алып жаткан көлөмдөн көбүрөөк суу алышат. Сугат мезгилинде биздин дыйкандар БСР, БДРлердеги сууну колдонушса, кошуналар агын сууну толук колдонушат.

Өткөндө Бишкектин ичин каптап кеткен сууларды көрдүңөр го. Жогору жакта тосуп алар БСРлер жоктугунан, шаардын ичине чейин агып келип, көчөлөрдү каптап жатат.

Эгер БСРлерибиз болгондо, ошол суулардын баары топтолуп калат эле да. Мындай көрүнүш өлкөбүздүн бардык аймактарында болуп жатат.

Эгер биз кышта ушинтип пайдасыз агып жаткан сууларды сактап калсак, кошуналарга да суу кенен жетмек. Биз келечекте суу талашпай, кыштын күнү пайдасыз агып жаткан сууларды үнөмдөп алуу максатын көздөп жатабыз.

Кошуналарга канча суу керек болсо, ошончо суу беребиз. Бул — турган иш.

Бир мисал келтирейин. “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруп баштабадыкпы. Бул ГЭСтен суунун пайдасы кошуналарга тиет. Бизге электр энергиясы гана пайда. Биз Нарын суусунун 1 пайызын гана сугатка же ичүүчү суу катары колдонобуз. 99 пайызы Өзбекстан менен Казакстанга агып кирип кетет.

Эгер “Камбар-Ата-1” ГЭСи бүтсө, аны кыштын күнү электр энергия алыш үчүн иштетип, Токтогул ГЭСине чогулган сууну сугат мезгилинде кошуналарга жетишерлик көлөмдө берип турсак болот.

Азыр биз кыштын күнү Токтогул ГЭСин электр энергиясын алыш үчүн иштетебиз дагы, жайдын күнү жабышка туура келип жатат.

Себеби суу топтобосок, кийинки кышта өзүбүз электр энергиясыз калабыз. Мына ушундай проблемаларды чечиш үчүн иш алып баруудабыз.

Биз өзүбүздү эле эмес, кошуналарды дагы ойлоп иш кылып жатабыз. Түбөлүк кошуна болгондон кийин түпкүлүгүн да ойлошубуз керек.

Анан “биз суу башында турабыз, суу бербейбиз” деген акылга сыйбаган иш. Баарыбыз бир тууган элбиз, түбөлүк кошунабыз, бири-бирибизге көп нерселерден көз карандыбыз. Эми анын баарын атап олтурбайын, эл өзү жакшы билет.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын алмаштырды

Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын алмаштырды

16.11.2026
Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
“Арашан” тукумундагы койлор брендге айланууда

“Арашан” тукумундагы койлор брендге айланууда

16.11.2026
Иран Ормуз кысыгында дагы эки мунай танкери катуу жарылып, өрттөнгөнүн билдирди

Иран Ормуз кысыгында дагы эки мунай танкери катуу жарылып, өрттөнгөнүн билдирди

16.11.2026
АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

16.11.2026
Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

16.11.2026
ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

16.11.2026
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунан каза болгондордун саны 5,5 миңден ашты

Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунан каза болгондордун саны 5,5 миңден ашты

16.11.2026
Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

16.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.