Кыргызстан менен Орусия эмгек мигранттарынын укуктарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтөт.
Бул тууралуу 26-майда Бишкекте Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Орусиянын Профсоюздар жалпы конфедерациясынын башкы катчысы жана Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Пинский менен жолугушкан учурунда белгилүү болду.
Маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө эмгек укуктарын коргоо, миграцияны жөнгө салуу жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Р. Сабиров 2025-жылы Кыргызстанда социалдык өнөктөштөрдүн катышуусунда иштелип чыккан жана эл аралык стандарттарга негизделген жаңы эмгек кодекси күчүнө киргенин белгиледи.
Ал ошондой эле татыктуу эмгек принциптерин ишке ашыруунун жана социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын активдүү ишинин маанилүүлүгүн кошумчалады.
Министр жакын арада өкмөт, профсоюздар жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда 2025-2027-жылдарга жаңы башкы келишимге кол коюлушу күтүлүп жатканын, ошондой эле Кыргызстан Орусия менен мигранттардын иштөө шарттарын көзөмөлдөө жана маалымат алмашуу боюнча биргелешкен механизмдерди түзүүгө даяр экенин билдирди.
“Биз Орусияда иштеген жарандарыбызды коргоого кызыкдарбыз. Мыйзамсыз иштен бошотууга, эмгек акыны кечиктирүүгө жана компенсациясыз ашыкча иштөөгө жол бербөө керек”, – деди Сабиров.
Ал эми В. Пинский Орусия менен Кыргызстан ондогон жылдар бою ЕАЭБ, ЖККУ жана КМШ алкагында бири-бирине туруктуу колдоо көрсөтүп келгендигин, ошондой эле заманбап шарттарда парламенттер аралык кызматташтыктын ролу өсүп жатканын баса белгиледи.
“Биздин диалог жумушчулардын укуктарын коргоо үчүн жалпы, туруктуу жана коопсуз системаны түзүүгө жардам берет деп ишенем”, – деди Пинский.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ЕАЭБ алкагында кызматташууну өнүктүрүү жана жумушчулардын укуктарын коргоону күчөтүү ниетин ырасташты.




















