“Кыргызиндустрия» ААКнун туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштады.
Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” соцтармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматта аталган ишкана буга чейин Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алганы белгиленет.
“Кыргызиндустрия” билдиргендей, бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет.
Аталган ишкана бардык продукциялар менен ke.kg сайты аркылуу таанышууга болорун кошумчалады.



















