Бүгүн, 24-июлда башталган XXXIII Жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу спорттун беш түрү: күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин, кыз-келиндер), бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат.
Кыргызстандык спортчулардын мелдештеринин графиги:
27-июль
100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү
– Денис Петрашов – 15:00.
28-июль
Дзюдо жана бокс
– Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейин) – 1/32 финалдын башталышы 14:00;
– Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг чейин) – 1/16 финалдын башталышы 15:00.
31-июль
Дзюдо
– Эрлан Шеров (90 кг чейин) – саат 14:00дө 1/32 финалдын башталышы.
3-август
50 метрге эркин сүзүү
– Елизавета Печерских – башталышы саат 15:00.
5-август
Күрөш
– Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) – 1/8 финалдын башталышы 19:00;
– Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) – саат 19:00дө 1/8 финалдын башталышы.
6-август
Күрөш
– Акжол Махмудов (77 кг чейин) – 1/8 финалдын башталышы 15:30;
– Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) – 1/8 финалдын башталышы 15:30.
7-август
Күрөш
– Амантур Исмаилов (67 кг чейин) – 1/8 финалдын башталышы 15:30.
8 август
Күрөш
– Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) – 1/8 финалдын башталышы 15:30.
9-август
Күрөш
– Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) – 1/8 финалдын башталышы 15:30;
– Айаал Лазарев (125 кг чейин) – 1/8 финалдын башталышы 15:30.
10-август
Күрөш
– Эрназар Акматалиев (65 кг чейин) – 1/8 финалдын башталышы 15:30;
– Айпери Медет кызы (76 кг чейин) – 1/8 финалдын башталышы 15:30.
11-август
Жеңил атлетика – кыз-келиндер марафону
– Сардана Трофимова – чуркоо 12:00 башталат.



















