Кыргызстандын футбол калыстары 2027-жылкы Азия Кубогунун тандоо этабындагы бир нече эл аралык беттештерди тейлешти. Тактап айтканда, алар Тажикстан-Мальдив аралдары жана Өзбекстан-Кувейт беттештерине калыстык кылышты.
9-октябрь күнү Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) өкүлдөрү Тажикстандын Гиссар шаарында өткөн Тажикстан менен Мальдив аралдарынын улуттук курама командаларынын оюнун башкарды. Бул оюн Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында өттү. Калыстар бригадасын Зайниддин Алимов жетектеп, ага каптал калыстар катары Нураалы Абдунабиев жана Абдыгани Абдикаримов жардам беришти. Резервдик арбитрдин милдетин Санжар Жакыпбеков аткарды.
Оюндун жыйынтыгы Тажикстандын пайдасына 2-0 эсебин менен жыйынтыкталды.
Ушул эле күнү КФБнын дагы бир калыстар тобу Ташкент шаарындагы «Олимпиский» стадионунда өткөн Өзбекстан – Кувейт беттешин тейледи. Бул оюнда башкы калыс болуп Медер Тайчиев чыкса, ага Исмаил Талипжанов жана Элдос Мурзабеков жардам көрсөтүштү. Ал эми оюнга Кочкаров Бахадыр инспектор катары катышты.
Беттештин соң Өзбекстандын пайдасына 2:0 эсеби менен аяктады.



















