Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жусупбеков Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж 2024-жылкы Олимпиадасына жолдомо утуп алды.
Кыргызстандык балбан алгачкы беттешинде болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи беттешинде хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырган.
Лицензия үчүн кармашта германиялык Лукас Лазогианисти 8:4 эсебинде жеңди. Муну менен ал Кыргызстандын куржунуна дагы бир лицензияны кошту.
Кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков Турцияда өтүп жаткан дүйнөлүк лицензия мелдешинде 97 кг салмактар арасында жеңүүчү болуп Париж олимпиадасына жолдомо утуп алды. Эске салсак, бул Кыргызстан үчүн онунчу жолдомо. Буга чейин сегиз күрөштөн жана бир сууда сүзүү боюнча жолдомо бар
Опубликовано МТРК "ЭлТР" Пятница, 10 мая 2024 г.
Ушуну менен Кыргызстандын куржунунуда 10 лицензия бар. Буга чейин эл аралык ири мелдешке катышуу укугуна Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Бекзат Алмаз уулу менен Эрназар Акматалиев, Амантур Исмаилов ошондой эле сууда сүзүүчү Денис Петрашов ээ болгон.




















