Кыргызстанда бүгүн, 22-августтан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга жаңы талаптарды камтыган мыйзам күчүнө кирди. Эми бул тармакта иштөө үчүн атайын лицензия алуу милдеттүү болуп калды жана оң рулдуу автоунааларга такси катары каттоого уруксат берилбейт.
Жаңы тартип боюнча жеке жактар үчүн лицензиянын баасы 500 сомду, ал эми юридикалык жактар үчүн миң сомду түзөт. Лицензиясыз иштеген айдоочуларга мыйзам чегинде жаза каралган: жеке айдоочулар 7,5 миң сом, ал эми юридикалык жактар 23 миң сом айып пул төлөшөт. Ички иштер министрлиги мыйзамсыз иштеген айдоочуларга карата рейддер күчөтүлөөрүн кабарлады.
Бул өзгөрүүлөр жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилип жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы өлкөдө оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда 1 506 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 143 адам каза болуп, 2 миң 200дөн ашуун адам жаракат алган.
Мындай көрсөткүчтөр жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө негиз болгон. Ошондой эле таксисттерге коюлган талаптар катууланып, медициналык кароодон өтүү, техникалык кароодон үзгүлтүксүз өткөрүү жана соттуулугу жок маалымкат көрсөтүү милдеттендирилүүдө.
Жаңы жобого ылайык, таксилерде таксиметр орнотулушу шарт, айдоочунун аты-жөнү жана лицензия номери жүргүнчүлөргө көрүнүктүү жерде көрсөтүлүшү керек. Мындан тышкары, кыш айларында Бишкек–Ош сыяктуу кооптуу тоолуу жолдордо кичи автобустардын жүрүшүнө чектөөлөр киргизилери да белгиленди. Бийлик өкүлдөрү бул чаралар коомдук транспорттун сапатын жакшыртып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун арттырат деп ишендирүүдө.
Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды такси кызматына иштетүүнү чектөө жана таксисттер лиценция алып иштесин деген сунуш 3-4 жылдан бери ишке ашпай келген.




















