Кыргызстандан Парижде өтүүчү XVII жайкы Паралимпиада оюндарына 4 спортчу катышат. Бул маалыматты “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттиги таратты.
“Паралимпиаданын ачылыш салтанаты Олимпиада оюндарындай эле стадиондо болбойт, бул ирет параспортчулар Елисей талаалары бульварын бойлой басып өтүшөт. Муну менен Франциянын маданий жана тарыхый мурастарына басым жасоого маани берилүүдө. 65 миңдей көрүүчү катышуучуларды салтанаттуу түрдө тосуп алышат”,- деп айтылат маалыматта.
Мелдешке 182 өлкөдөн 4400 спортчу катышып, спорттун 22 түрү боюнча беттештер болот. Жалпысынан 549 медал топтомдору ойнотулат.
Олимпиада өткөн 16 стадион жана ареналарда орун алып, оюн 8-сентябрга чейин улантылат.
Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу катышат. Алар: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).
Спортчуларды Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Суранов жетектейт.
Паралимпиадалык оюндардын негизги максаты жана тарыхына кайрыла турган болсок, бул оюн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык спорттук мелдештери.
Жайкы Паралимпиадалык оюндар 1960-жылдан, Кышкы Паралимпиадалык оюндар 1976-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катыша турган спорттун пайда болушу англиялык нейрохирург Людвиг Гуттмандын ысымы менен байланыштуу, ал мындай адамдарга карата эски стереотиптерди жеңип, жүлүн жаракаттары менен ооругандарды реабилитациялоо процессине спортту киргизген.



















