Париж олимпиадасында Кыргызстан 16 спортчусу менен медалдык эсепте 68-орунду, ал эми катышкан спортчулардын санына эсептегенде дүйнөдө биринчи орунду ээледи.
Бүгүн, 13-августта Париждеги XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишип, аларды “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана спортчулардын ата-энелери, жакындары тосуп алышты.
Париж Олимпиадасынын катышуучуларын тосуп алган аткаминерлер унаалардын коштоосу менен борбор калаадагы Т.Усубалиев атындагы аянтка алып келишти. Аянтта спортчуларды тосуп алуу салтанаттуу иш-чарасы өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.
Салтантуу аземдин ачылышында президент: “- Париж Олимпиадасы өлкө тарыхында жемиштүү болду жана олимпиададагы ийгиликтердин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда. Бул иш-чарага 10 миңден ашуун спортчу катышып, 206 командадан Кыргызстан 16 спортчусу менен медалдык эсепте 68-орунду ээледи. Ал эми Азиядан катышкан 44 өлкөдөн 15-орунда болду. 16 спортчунун алтоо байгелүү кайтып, баргандар менен медаль алгандардын катышы боюнча сап башына чыктык”, — деди мамлекет башчы.
Президент Олимпиадага катышкан 16 спортчунун ар бирине токтолуп, мелдештеги өзгөчөлүгүн, жетишкендигин санап өттү.
Ошондой эле ал спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун кошумчалалап жатып, Париж Олимпиадасы тарыхы бир, тамыры бир, тили менен дили орток кыргыз, казак, өзбек күйөрмандарынын өз ара ынтымагы дүйнө жүзүнө даңазалангандыгын белгиледи.
Ал өз сөзүндө “Спортчуларыбыздын чет жерде бири-бирине ылым санашып, тууган сезишип, жеңиш сезимдерин бөлүшүп, көкүрөк тийгизе кучакташкан көз ирмемдери үч элдин эзелтен берки келаткан достук, тууганчылык, жакын коңшулук мамилесин ого бетер арттыргандыгы болду. Кыргыз, казак, өзбек элинин ынтымагы мындан ары да чыңдала берсин, ылайым”, — деди.
Ошону менен катар Садыр Жапаров Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан катышкан спортчуларга акчалай сыйлык менен кошо автоунаа белектерди тапшырды.
Олимпиададан келген спортчуларга тапшырылган автоунаалардын ичинен ону Кыргызстанда жасалган. Бул тууралуу Президенттин маалымат саясаты кызматынын детекчиси Дайырбек Орунбеков Х социалдык тармагында мындай деп билдирди:
“Бүгүн спортчуларыбызды күтүп алып, өлкөбүз кубанычка бөлөндү. Жеңишти бирге белгиледик. Дагы бир кубанычтуу маалымат менен бөлүшө кетейин. Дүйнөлүк Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнөн тышкары, катышуучуларга берилген 10 даана автомобиль –Кыргызстанда чыгарылган! Болгондо дагы жакында эле ачылган унаа заводдон даярдалган, эң алгачкы өндүрүштүн алдын президенттин колунан белекке алышты! Улуттук спорт – ата мекендик өндүрүш!”
Эскерте кетсек, Олимпиадага 16 спортсмен катышкан.
Араладын ичинен Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулу
күмүш, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова коло медаль алышкан.
Мындан тышкары, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиадага катышып, бирок орундарды камсыздай албаган спортчулар менен жеке машыктыруучулар, диетолог, дарыгерлер да көңүл чордонунда болуп, алардын да ар бирине автоунаа менен акчалай сыйлыктар мамлекет башчысы тарабынан тапшырылды.
Салтантаттуу аземден кийин Олимпиададан кайтып келген спортчулар Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, алар журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Спортсмендердин ичинен эң кызыктырганы Айсулуу Тыныбекованын карьерасы болуп, ал “Бардыгы “карьерасын жыйынтыктайбы” деп сурап жатат. Ал учурда медалга жеткенибизге ыраазы болуп эле аны ойлонгон жокмун. Азыр деле чарчап турам. Мага убакыт керек, ойлонушум керек. Эс алып алгандан кийин туура жооп айта алам”, — деп жооп берген.
Тыныбекова мелдешке бир бутунун жаракат алганына карабай катышып, жыйынтыгында коло медаль алганга жетишкен.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.




















