Ушул жуманын башында Еврокомиссия авиациялык коопсуздук тизмесине 48-жаңыртууну киргизип, ага ылайык Кыргызстандын баардык авиакомпаниялары “кара тизмеден” расмий түрдө чыгарылганын жарыялады. Бул чечим Брюсселде өткөн Евробиримдиктин Авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин отурумунун жыйынтыгында кабыл алынды.
Кыргызстандын “кара тизмеден” чыгуусунун негизги себептери, жарандык авиация тармагында жасалган ири реформалар, учуулардын коопсуздугун мамлекеттик көзөмөлдөө тутумунун күчөтүлүшү жана улуттук нормаларды Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына толук шайкеш келтирүүсү болуп саналат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
“Кыргызстан 2006-жылы башталган дээрлик жыйырма жылдык чектөөлөргө чекит коюп, Европа Биримдигинин аба коопсуздугу тизмесинен расмий түрдө чыкты. Көп жылдар бою “кара тизмеде” болуусу өлкөнүн эл аралык авиациясын өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири катары бааланып келди. Чектөөлөр жеке авиакомпанияларга байланыштуу эмес, тескерисинче, мамлекеттин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө системасын жакшыртуу, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу жана авиациялык көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына байланыштуу болгон” , – деп жазды ал өзүнүн соц.тармактагы баракчасы аркылуу.
М. Самидинов белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги бул тармакта кеңири реформа жүргүзгөн. Ошондой эле, эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) коопсуздук стандарттары ишке ашырылган.
“Өкмөттүк көзөмөл бир топ күчөтүлдү, авиация инспекторлорунун саны көбөйтүлдү, ченемдик укуктук база модернизацияланды, эл аралык аудиттер жүргүзүлдү жана “Кыргызстан аэропорттору” ААК өлкөнүн аэропортторунда ири масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырды. Бул натыйжага жетүүнүн негизги фактору авиация тармагын өнүктүрүү боюнча ырааттуу мамлекеттик саясат жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ар тараптуу колдоосу болду. Ушул аракеттердин аркасында жарандык авиацияны модернизациялоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багытына айланды”, – деп кошумчалады М. Самидинов.
Анын айтымында, өлкө боюнча “Манас”, “Ош”, “Жалал-Абад”, “Ысык-Көл”, “Каракол”, “Талас” жана “Нарын” аэропортторун куруу жана реконструкциялоо боюнча ири масштабдуу долбоорлор ишке ашырылып, аэродром инфраструктурасы модернизацияланган.
Ошондой эле, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап учуу коопсуздугу системалары ишке кирип, улуттук авиакомпания Asman Airlines активдүү өнүгүп, ички жана эл аралык деңгээлде маршруттук тармагы кеңейтилген. Дүйнөлүк рынокто кыргыз авиакомпанияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүдө.
“Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыгуу Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Улуттук авиакомпаниялар эми зарыл болгон сертификациялоо процедураларын аткарып, тиешелүү уруксаттарды алгандан кийин Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө каттамдарды аткарууга укуктуу. Бул чечим – Кыргызстандын авиация системасы учурда жогорку учуу коопсуздугунун талаптарына жооп берерин жана эң мыкты дүйнөлүк стандарттарга ылайык натыйжалуу иштей алаарын эл аралык таануу.
Кыргызстан дүйнөлүк авиация картасына эл аралык авиация коомчулугунун толук кандуу жана ишенимдүү өнөктөшү катары кайтып келди. Биз Европанын асманынан башка дагы көптөгөн иштерди жасап жатабыз”, – деп кошумчалады ал.
Ал эми юрист Беккул Жекшенкулов социалдык тармактагы барагына жыйырма жылдык күтүү аяктап, Кыргызстан расмий түрдө Европа Биримдигинин авиациялык кара тизмесинен чыгарылганын жана бул ишке катышкандарды куттуктап, өзүнүн баракчасына жазды.
“2006-жылдан бери өлкөнүн бардык авиакомпанияларына эл аралык коопсуздук талаптарын сактабагандыктан Европа Биримдигине учууга тыюу салынган. Эми бул этап өткөн чак. Бул жөн гана авиация үчүн жаңылык эмес. Бул өлкөнүн татаал реформаларды ишке ашырууга, мыйзамдарды жана мамлекеттик институттарды эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууга жана натыйжаларга жетишүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат”, – деди Жекшенкулов.
Анын билдирүүсүнө караганда, “Кара тизмеден чыгуу” деген кургак сөздүн артында авиация бийликтеринин көп жылдык эмгеги, эл аралык аудиттер, жөнгө салуучу өзгөрүүлөр жана тармакты модернизациялоо жатат.
“Азыр Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Европага түз каттамдар, маршрут тармагын кеңейтүү, туристтик агымдын көбөйүшү, инвестициялык жагымдуулуктун жогорулашы жана Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын чыңдоо. Кээде жетишкендиктер чоң сөздөр менен эмес, жыйырма жылдан кийин өлкө акыры Европа асманында кайрадан учууга укуктуу болгондугу менен өлчөнөт. Бул улуу ишке катышкандардын баарын куттуктайм”, – деп кошумчалады ал.
Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Евробиримдиктин кара тизмесинен ушул жылдын май айларында чыга турганын билдирип, Кыргызстан үчүн Европанын асманы ачыла тургандыгын айткан.
“Кыргызстан жыйырма жылдан бери чыга албай келе жаткан Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуунун чечүүчү этабына келдик. Кудай буюрса, май айларына чейин чыгып калабыз. Мындан ары биз алдыга ишенимдүү карайбыз. Мындан ары Кыргызстан үчүн Европанын асманы ачылат”, – деген мамлекет башчы.
Кыргызстан кара тизмеге эмне үчүн кирген?
Манасбек Самидинов мындан тышкары журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “кара тизмеге” кирип калуунун бир катар себептерин атады. Анын айтымында, кыргызстандык авиакомпаниялар эл аралык нормаларга дал келбейт деген жүйө менен мындан жыйырма жыл мурун бул тизмеге кирген. Бул чектөө бир гана авикомпанияларга гана эмес, жалпы мамлекетке тиешелүү болгон.
“Авиация тармагында көзөмөл болгон эмес. Коррупциялык жагдайлар орун алган жана документтер туура эмес болгон. 2006-жылы Кыргызстандын бир авиакомпаниясы туура эмес документтери менен Европада кармалып калат. Анын артынан Евробиримдиктин тиешелүү өкүлдөрү келип, Жарандык авиацияны текшергенде, талапка жооп бербеген документтер чыгып, натыйжада кара тизмеге киргизишкен”, – деди М. Самидинов.
Төрага тактагандай, Кыргызстан 2006-жылы Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесине” киришине, мамлекеттик көзөмөлдүн алсыздыгы жана учуу коопсуздугунун эл аралык стандарттарга жооп бербегендиги себеп болгон. Анда бир нече кыргыз авиакомпаниялары Евробиримдиктин аба мейкиндигинде жана аэропортторунда иштөөдө белгилүү бир талаптарды аткарган эмес. Учурунда Жарандык авиация департаментине жүргүзүлгөн аудит авиакомпанияларды көзөмөлдөөдөгү олуттуу мыйзам бузууларды, тармактагы сертификациялоо, коррупциялык схема жана лицензиялоо көйгөйлөрүн аныктаган. Мунун жыйынтыгында, өлкө “кара тизмеге” кирип, ЕБдин каттамдарга коюлган чектөөлөр автоматтык түрдө бардык кыргызстандык авиакомпаниялардын жолун бууган. Мунун кесепетинен өлкө жыйырма жылга артка кетип, кыргызстандыктар Америкага, Европа мамлекеттерине түз уча албай, Түркия, Россия, Казакстан же Өзбекстан аркылуу учуп келишкен.
“Кара тизмеден” чыгуунун аракеттери жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр
2021-жылдан тартып, өлкө авиация тармагындагы саясатын реформа кыла баштады. Аймактарды байланыштырган аэропорттор жаңыланып, айрымдары жаңы курулду.
Asman Airlines мамлекеттик компаниясы түзүлүп, жаңы учактар сатылып алынды. Беш жыл ичинде Кыргызстанды кара тизмеден чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Тынбай сүйлөшүүлөр, мамлекеттик структуранын оңолушу жана туура дипломатиянын жыйынтыгы болду.
Акыркы жылдар аралыгында Манас аэропорту өзүнүн кирешесине жаңы учактарды сатып алууну пландап жатат.
Ал эми Asman Airlines авиакомпаниясы буга чейин Европалык авиакуруучу Airbus корпорациясынан 2 даана Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Компаниянын бул чечими каттамдар тармагын кеңейтүүгө жана мамлекеттин эл аралык авиация рыногундагы позициясын бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуусуна багытталып, КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана Европага каттамдарын ачуу каралган.
Учурда Кыргыз авиация институтунда азыркы тапта даярдалып жаткан учкучтар эми Бишкектен Лондон, Париж, Берлин жана башка ири шаарларга түз каттайт алат.
Жарандык авиациясынын тарыхы
Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхы расмий түрдө 1933-жылдын 7-октябрында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин атайын токтому кабыл алынгандан тартып башталган.
Өлкөдө 1994-жылдан тартып 7-октябрь – Жарандык авиация күнү деп белгиленип келет. Дээрлик бир кылымга жакын тарыхы бар бул тармак бир нече маанилүү этпатардан өттү.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева


















