Кырчын капчыгайы эл аралык кинодолбоорлорду тартуу үчүн аянтча болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө тартуу жерлерине барган режиссёр Эрик Ялгашев билдирди.
Анын айтымында, Кырчындын аймагы чоң кино павильону катары колдонууга ыңгайлуу түзүлгөн. Бул жерде базарлар, ар кандай аянтчалар жана чет элдик режиссёрлор менен продюсерлерди кызыктыра турган декорациялар буга чейин эле бар.
«Кырчын дегеле кино павильону үчүн атайын курулгандай. Биз бардык жерлерди, локацияларды, базарларды кыдырып чыгып, бул жерде кымбат жана масштабдуу кино тартыларын түшүндүк. Голливуддан, Европадан адамдар келишет», — деди Ялгашев.
Ал эл аралык киноиндустриянын актёрлору жана кесиптештери менен келечектеги тартууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн буга чейин талкуулаганын белгиледи. Мүмкүн болуучу долбоорлордун катышуучуларынын арасында Эрик Робертс, Марк Дакаскос жана Ральф Меллерди атады.
ДКО-2026. Нурдоолот Деркембаев «Көчмөндөр жаңырыгы» фестивалынын Гран-при сыйлыгын алды
Режиссёрдун айтымында, Кыргызстан менен биргеликте тасмаларды өндүрүү, башкача айтканда, ко-продакшн уюштуруу маселеси да каралышы мүмкүн.
«Кесиптештеримдин бири: эгер биргелешкен, ко-продакшн болсо, бул тасманы бүт дүйнө көрөт», — деди Ялгашев.
Ал Кыргызстанга актёрлор менен бирге кайра келип, кыргызстандык кинематографисттер менен мүмкүн болуучу долбоорлорду талкуулоону көздөп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, «Кыргызфильм» да эл аралык ко-продакшнды өнүктүрүүгө багыт алып жатат.
«Силердин локацияларыңар Көчмөндөр оюндарынан кийин дүңгүрөйт. Баары келишет. Бул чындык», — деп билдирди режиссёр.



















