Eurasiatoday
Жекшемби, 03-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Криминалды баатыр туткан шордуу эл болдукпу?

  • Эксперттин пикири
  • 09.10.2023 15:45

Loading

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин талабына баш ийбей ок чыгарып, каршылык көрсөткөн “кримтөбөл” Камчы Көлбаев Бишкектеги Blonder pub эс алуу жайында жок кылынган эле. Өткөн жумада анын өлүмү коомчулуктун көңүл борборунда болуп, социалдык түйүндөрдө кызыл-чеке болгон талаш-тартыштардын чордонунда талкууланды.

Элдин пикирине көз чаптырсак, кыргыз коомчулугунун бир катмарынын аң-сезими өйдөлөп өспөй, баягы феодалдык доордогудай катып калганы байкалды. Башкасын мындай кой, ак менен караны, бийлик менен криминалды ажырата албаган жарандар бар экени таң калтырды. Алар ажылдап чыгышып, “Көлбаевди жамандап, каракчы көргөзүүгө аракет кылбагыла”, “Кыргыздын кыраан жигитин ит аткандай атып салышты”, “Ал кыргыздын чыныгы баатыры болчу”, “Анын эрдиги жүрөгүбүздө сакталат”, “Эртең жооп бересиңер” деген өңдүү сөздөрүн жазышты. Бул абдан кейиштүү, кабырганы кайыштырган жагдайды жаратты. Биздин мамлекетте мындай чабал, тар түшүнүктөгү адамдардын арбын экени акыл-парасаттуу мекендештердин жанын кейитип, жүлүнүн зыркыратты.

Тема боюнча:

К. Көлбаевди пайдаланып, “Иттипак” диаспорасынын сүткорлору эбегейсиз байлык топтогон

К. Көлбаевди пайдаланып, “Иттипак” диаспорасынын сүткорлору эбегейсиз байлык топтогон

24.11.2023

Мындай феодалдык түшүнүктөн чыга албаган адамдардын арабызда жашап жатышы, мамлекетибиздин ыкчам өнүгүп-өсүүсүнө тоскоол болору турган иш. Анткени, биздей өкмөттүн карамагында завод-фабрикасы жок өлкөлөрдү жеке ишкерлер гана экономиканы өргө сүрөйт. Баарыбызга маалым, ири жана чакан ишкерлердин баарын криминалдык топтор коркутуп-үркүтүп, кирешесинин бир бөлүгүн мите курттай соруп келе жатышат. Атургай, ишкерди жок кылып же сыртка кууп чыгып, соода жайларын, мүлкүн тартып алган учурлары да арбын болгон.

Кыскасы, криминалдык топторду түзгөн каракчылар мамлекеттин өсүшүнө салым кошоюн деген мекедештерибиздин тизесине чаап, кокосуна тикен болуп сайылып калышкан. Ак эмгеги менен акча тапкан ишкерлерди тоноп, экономиканы өстүрбөй тушап жаткан чоң илдеттен 30 жылдан бери кутула албай келген элек.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн дешибиз керек, жакындан бери иш кызуу башталды. Жалпыбыз мамлекетке каршы иштеген каракчыларга каршы күрөштү колдоого милдеттүүбүз. Экономиканы соолутуп жаткан криминалга эч бир аёо болбош керек. Баарын темир торго киргизип, каршылык көрсөткөнүн бир чекеден жок кылуу зарыл. Анан бул ишти туура эмес көргөн, кылмышкерлерге жана “кримтөбөлгө” боор тарткан феодалдык түшүнүктөгү пенделерге түшүнбөй турабыз. Айтышсынчы, кайсы эмгеги үчүн биз аларды баатыр дешибиз керек?

Бюджетке түшчү акчаны кемирип, экономиканы талкалаганы үчүнбү? Бизнесмендерди тоноп, өлтүрүп, байлыктарын тартып алган үчүнбү? Же спортчу балдарды жолдон чыгарып, баңгизатына көндүрүп, канчалаган жаш кызды зордуктаганы үчүнбү?

Зулпукаар Сапанов.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Камчы Көлбаев
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Криминал менен эч ким мынчалык күрөшкөн эмес»

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Криминал менен эч ким мынчалык күрөшкөн эмес»

25.11.2023
К. Көлбаевди пайдаланып, “Иттипак” диаспорасынын сүткорлору эбегейсиз байлык топтогон

К. Көлбаевди пайдаланып, “Иттипак” диаспорасынын сүткорлору эбегейсиз байлык топтогон

24.11.2023
УКМК: “ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

УКМК: “ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

24.11.2023
Көлбаевдин апасына 6 брондолгон унаа катталган

Көлбаевдин апасына 6 брондолгон унаа катталган

23.11.2023
Мындан ары Кыргызстанда Матраимов, Көлбаев, Женго дегендер  болбойт 

Мындан ары Кыргызстанда Матраимов, Көлбаев, Женго дегендер  болбойт 

23.11.2023
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өткөрүлдү

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өткөрүлдү

22.11.2023
Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыры: “Көлбаевден конфискациаланган батирлер журналисттерге берилсин!”

Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыры: “Көлбаевден конфискациаланган батирлер журналисттерге берилсин!”

21.11.2023
К. Көлбаевдин унаалары сатыкка коюлду

К. Көлбаевдин унаалары сатыкка коюлду

21.11.2023
Көлбаевдин кылмыштуу байлыгынын бир учугу Азим Ройго байланып, ага издөө жарыяланды

Көлбаевдин кылмыштуу байлыгынын бир учугу Азим Ройго байланып, ага издөө жарыяланды

15.11.2023

Башкы жаңылыктар

 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

02.12.2023
Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

30.11.2023
ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

28.11.2023
Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

27.11.2023
Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

27.11.2023
Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

27.11.2023

Валюталар курсу

27
Узнаем возраст наших посетителей

Сколько вам лет

Экономика

А. Жапаров Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

А. Жапаров Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

30.11.2023
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евродон ашык жардам берет

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евродон ашык жардам берет

29.11.2023
Лондондо кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

Лондондо кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

29.11.2023
Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

27.11.2023
Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

27.11.2023
Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

27.11.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.