Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков «Вести» маалымат кызматына берген маегинде Ормуз кысыгы россиялык кемелер үчүн ачык экенин билдирди.
Ал ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамптын Европа өлкөлөрүнө кайрылуусун комментарийлеп, Ак үй башчысы аларга жабылган кысыктан өтүүнү өз алдынча камсыз кылууну сунуштаганын айтты.
«Бул боюнча бизге эч ким кайрылган жок, америкалыктар тараптан айтсам», — деди Ушаков.
АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операция баштагандан кийин, Иран Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууларды токтотконун жарыялаган. Аскердик аракеттерге чейин бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунайдын 15–20 пайызы жана суюлтулган жаратылыш газынын 30 пайыздан ашыгы өтчү.
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Иран Ормуз кысыгын ачууга макул болбосо, АКШда ар кандай чаралар бар экенин билдирген. Ал эми буга чейин Трамп АКШнын Иранга каршы аскердик операциясы жакында аякташы мүмкүн экенин айтып, Ормуз кысыгын ачуу милдетин «башка өлкөлөр» өзүнө алышы мүмкүн экенин белгилеген.


















