Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Сонг Гён БУУнун баш катчысы Антонио Гутерришти Пхеньяндын орбитага чалгындоо спутнигин чыгаруу аракетин сындаганы үчүн “америкалык кызматчы” деп атады. Бул тууралуу KCNA билдирди.
Дипломаттын айтымында, БУУнун Башкы катчысы өзүнүн расмий өкүлү аркылуу Түндүк Кореянын спутник учуруу аракетин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузуу катары «катуу айыптай турганын» билдирген.
Ким Сонг Гён КЭДР космос мейкиндигин пайдаланууга укуктуу экенин белгиледи. Бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялары Пхеньянга баллистикалык ракета технологияларын учурууга тыюу салат.
Буга чейин жапон бийликтери Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганын билдирген. Бул тууралуу Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги да билдирди. Бул маалыматты АКШ армиясы да тастыктады.




















